Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

“ЦИВИЛИЗАЦИЯЛАР АЛЬЯНСЫ” ФОРУМУ


Стамбулда “Цивилизациялар альянсы” деп аталган жыйын өтүп жатат. Анын катышуучулары Батыш менен мусулман дүйнөсүнүн мамилесин жакшыртуу жолдорун талкуулашууда. Альянстын мүчөлөрү кечээ бул маселе боюнча өздөрүнүн ой-сунуштарын Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннанга тапшырышты.

“Цивилизациялар альянсына” жыйырмага жакын саясий жана диний ишмерлер кирет. Алардын арасында Нобел сыйлыгынын эгеси, түштүкафрикалык архиепископ Дезмонд Туту жана Ирандын мурдагы президенти Мохаммед Хатами да бар.

“Альянстын” ойчулдар тобу кечээ Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннанга тапшырган отчетто цивилизациялар кагылышы теориясын четке кагышкан, ошол эле учурда бу маселеде токтоосуз чараларды көрүүгө чакырышкан. “Альянс” Батыш менен мусулман дүйнөсүн басташтырганга жүйөө берген башкы факторлордун бири катары жөөт-палестин жаңжалын атаган. Бул жаңжалды жөнгө салуу үчүн “Альянс” күч-аракеттерди жандантуу, эл аралык жыйын чакыруу,кырдаалды калыс жана кылдат талдап чыгуу зарыл деп эсептейт. Батыштын Ирактагы жана Ооганстандагы аскери интервенциясы да эки цивилизация ортосундагы мамилелердин татаалдашына олуттуу кошумча болгону белгиленет. Ушундан улам кризистүү учурларда ар түрдүү жамааттар менен маданияттар ортосунда арачылык кылуу үчүн жогорку даражалуу эл аралык атайын өкүл дайындоо сунуш кылынган.

“Альянс” өз ара аразга глобализация тамызгы болуп жатканын эскертет. Глобализацияны көпчүлүк мусулмандар агрессиядай көрүшөт. Бир катар мусулман өлкөлөрүндө жөн-жайкын саясий оппозициянын куугунтукка алынып жатканы, реформалардын кашаң арымы да экстремизмдин жанданышына түрткү болуп жатканы белгиленет.

Отчетто саясий жана диний лидерлердин шыкакчыл,тукурма ой-сөздөрү сынга алынат жана буга массалык маалымат каражаттары да айгакчы болуп жатканы эскертилет. Мындан тышкары эл аралык мыйзамдарды колдонуудагы жана адам укуктарын коргоодогу кош стандарт сынга алынат.

“Альянстын” ойчулдары кол койгон отчетту тапшыруу аземинде Кофи Аннан проблема Куранда, Тооратта же Инжилде эместигин белгилеп, ишти ушул чындыкты дүйнө коомчулугуна кеңири ташбыйкаттап, практикада тастыктап чыгуудан баштоо керектигине токтолду. Аннан диний ишенимдер өз ара алакага данакер боло алат деп ишенет.

“Цивилизациялар альянсы” Аннандын демилгеси менен түзүлгөн эле. Бул демилгени католик мазабындагы Испаниянын жана мусулман дининдеги Түркиянын премьер-министрлери колдоп чыгышкан. Режеп Эрдоган кечээки сөзүндө фанатизмге жана радикализмге чыдамдуулук кылганга болбой турганын, экстремизмдин ар кандай түрүн ооздуктоо зарылдыгын, зомбулуктан зомбулук гана жараларын белгилеп, эки тарапты тең ар кандай зомбулуктан оолак болууга чакырды.

Сүрөттө: Пакистандын Лахор шаарындагы антиамерикалык каршылык акциясы, октябрь, 2006-жыл

XS
SM
MD
LG