Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:09

ОРУСИЯЛЫК ГАЗДЫН НАРКЫ МАСКӨӨ МЕНЕН МИНСК АЛАКАСЫНА ДОО КЕТИРДИБИ?


Мурунку жумада Орусиянын президенти Владимимр Путин менен Беларус президенти Александр Лукашенко соода-экономикалык кызматташтык боюнча жолугушуу өткөрүшкөн. Бирок энергетикалык чөйрө боюнча кандайдыр бир маакулдашууга жетишилгендиги билдирилген жок. Жолугушуу болордун алдынкы күнү ИНТЕРФАКС агенттиги таркаткан маалыматта Кремлдик атын атагысы келбеген булак орусиялык бүжетке зыян келтирип аткан Минскинин үчүнчү тарапка орусиялык карамайды сатуусуна тыюу салуу талабы болот деп эскерткен. Анализчилер кай бирлери мындай көрүнүштү эки мамлекет арасында алаканын сууй башташына жорушууда.

Жума күнү (11-ноябрде – ММ) жүздөшкөндө Владимир Путин менен Александр Лукашенко орусиялык көгүлтүр отундун баасын талкуулашкан. Буга дейре басылмалар Минск алып жагып аткан газдын баасын «Газпром» 2007-жылдын башынан тартып үч эсеге кымбаттатат деп аткан. Беларус буга дейре бир миң кубметр газ үчүн 47 доллардан акы төлөп келген.

Кызык жери Лукашенко сентябрдын этегинде, «эгерде «Газпром» көгүлтүр отунун кымбаттатат экен, анда ал «беларус-орусиялык алаканын үзүлүшүнө алып барат», - деп айткан. Ушундай жарыядан кийинки жолугушуу болгондуктан анализчилер кулак түрүп атышкан.

Кремлде өткөн жүздөшүүдөн соң журналисттер алдында орусиялык лидер чечилбей аткан маселелер бар экенин белгиледи: «Биз эки тараптык мамилелер туурасында сүйлөштүк. Союздук мамлекет болуп биригүү туурасында ошондой эле экономикалык маселелерди талкууга алдык», - деген эле Путин.

Беларус жетекчиси болсо өкүмөттөр каршы чыгып аткан маселелер туурасында айтты:

«Андай 4-5 топ маселе бар. Аларды Сиз (Путин – ММ) менен бирге чечпесек да жандандырышыбыз керек», - деген Лукашенко.

Бул ырасмий кептин артында эки өлкө ымаласы бошоңдоп баратышын билдирген шаани жатканын анализчи Алексей Малашенко айтты. Ал ымала барган сайын ырбай бере тургандыгын боолголотот. Анын акыры келип беларустук лидердин тиректи батыштан издешке мажбурлайт дейт:

«Мага, эмнегедир Лукашенко эми, Европага баруучу жолду издей баштайт», - дейт Малашенко мырза «Азаттыктын» суроосуна айткан жообунда.

Башка эксперттер Орусия бугай дейре беларустарга арзан газ жактырып? Лукашенконун режимин колдоп келгенин айтышат. Эки мамлекет алакасына доо кетирген нерсе – «Путин айткан союздук мамлекет болуп биригүү эле, ага Беларус лидеринин макул болбошу ыркты бузду» – дешет.

Беларус опозициясы тарапта жүргөн Алексей Королдун айтканына караганда өлкөдө ички саясий абал баарыдан мурда Орусиянын лукашенколук режимди колдоого алынуусуна жараша өнүгөт:

«Беларуста ички өзгөрүү мүмкүнчүлүгүнө өтүүдөн мурда, Орусияга карата мамилени ошондой эле режимге көргөзүлүп келе жаткан (Кремлдин – ММ) колдоосун эске алуу керек», - дейт беларус соцпартиясынын лиедри Корол мырза.

Муса Мураталиев, Маскөө калаасы

XS
SM
MD
LG