Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

МАМЛЕКЕТТИК ТЕЛЕКАНАЛ КООМДУК БАШКАРУУГА БЕРИЛБЕЙТ


Президент Курманбек Бакиев мамлекеттик телерадиокомпанияга байкоочу кеңешин түзүү тууралуу жардыкка 13-ноябрда кол койду. Бул жардык МТРКны коомдук телерадиокомпанияга айландыруу аракети болуп саналбасын бүгүн мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров билдирди. МТРКны коомдук телеканал кылып уюштуруу талабын коюп жаткан “Реформа үчүн” кыймылына кирген депутаттар мамлекеттик телерадиокомпанияны реформалоо маселеси жаңы Конституция боюнча президенттин эмес парламенттин колунда экенин белгилешүүдө.

Президенттин жардыгы менен түзүлүүчү Байкоочу кеңешке Жогорку Кеңештин беш депутаты, президенттин беш өкүлү жана МТРКнын беш кызматкери өкүл болуп кирет. Байкоочу кеңеш МТРКнын чыгармачылыгын жана көрүмдүүлүгүн көзөмөлгө алат. Мындан тышкары кеңеш МТРКнын президентин сунуштайт. Бул тууралуу маалымат берген мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровдун айтымында, Байкоочу кеңешинин мүчөлөрү эки жылдык мөөнөткө шайланып, президент аркылуу бекитилет.

Мамлекеттик катчы президенттин бул жардыгын МТРКны коомдук телеканалга айландырууга жасалган кадам деп түшүнүүгө болбостугун белгилеп кетти. Адахан Мадумаровдун айтымында, мамлекеттик телерадиокомпанияны коомдук телеканалга айландыруунун зарылчылыгы жок, ар бир өлкөнүн мамлекеттик идеологиясын таратуучу, көрсөтүүчү маалымат каражаты болот, ал сөзсүз түрдө телерадиокомпания болууга тийиш:

-Мамлекет болгондон кийин анын жүзү болот. Мамлекеттик телерадиокомпания болот. Коомдук телекомпания жасайм десе, башка телерадиокомпаниялар толтура. Кыргызстан беш миллион эл үчүн массалык маалымат каражаттарынын саны боюнча рекорд койгон. “Пирамиданыбы”, КООРТтубу, НТСтиби - коомдук телекомпанияга айландыра беришсин. Жалгыз мамлекеттик телерадиокомпанияны жектегендик — бул өз мамлекетин жектегендик.

Адахан Мадумаров МТРКны бүгүн коомдук телеканалга айландырууну талап кылып жаткандар эртең эле аны ээлеп алууга аракет кылышат, бүгүнкү мамлекеттик телеканал анда жалаң капчыгы чоңдордун гана сөзүн сүйлөп, ырын ырдай турган маалымат каражатына айланат деген көз карашта.

Байкоочу кеңеш түзүү боюнча президенттин жарлыгы тууралуу МТРКнын президенти Кыяс Молдокасымов өз пикирин мындайча билдирди:

-Байкоочулар кеңешине кандай кишилер келет, телекөрсөтүү тармагын, анын реформасын түшүнгөн кишилер келеби же башкаларбы, аны көрөлү. Ошондон кийин дагы сөз болот. Мамлекеттин идеологиясын жүргүзгөн маалымат каражаты болуш керек.

Кыяс Молдокасымовдун айтуусунда МТРК коомдук телеканал болуп кайра реформаланбаганы менен аны башкаруу системасы коомдук болот.

“Реформа үчүн” кыймылынын бир жумадан ашуун убакытка созулган нааразылык митингисинде бийликке коюлган негизги талаптардын бири — МТРКны коомдук телеканалга айландыруу болчу. Бул кыймылдын мүчөсү Кубатбек Байболов жаңы башмыйзам кабыл алынган соң, парламент аткаруу бийлигинин бир бутагы катары эң биринчи МТРКны коомдук телеканалга айландыруу маселесин карай тургандыгын “Азаттыкка” билдирди.

Кыймылдын дагы бир мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимкановдун айтымында, жаңы Конституция боюнча МТРКны реформалоо президент менен мамлекеттик катчынын колундагы иш эмес, муну парламент чечет.

-Жаңы Конституция боюнча биз сентябрда МТРКны коомдук телеканалга айландыруу боюнча Бакиев вето койгон мыйзамды алты ай күтпөй эле азыр караганга мүмкүнчүлүгүбүз бар, мыйзам жол берет. Эгер элүү бир добуш менен кабыл ала алсак, анда Бакиев менен Мадумаровсуз эле өзүбүз эле коомдук телеканалга айландырып алабыз. Биз буга бардык аракеттерди жасап, депутаттар менен сүйлөшөбүз,-деди Мелис Эшимканов.

Замира Кожобаева, Бишкек
XS
SM
MD
LG