- Мыйзамдарды, кодекстерди жаңы Конституцияга ылайык алты айлык мөөнөт ичинде кайра тактоо, жаңыларын кабыл алуу, бул эми техникалык маселе. Кеп өкмөт менен парламенттин кийинки шайлоого чейин натыйжалуу жана эриш-аркак иштешинде болуп жатат. Буга шарт жаралдыбы? Себеби экономикадагы, эл турмушундагы абалга чынында кандайдыр бир деңгээлде парламент да жоопкер болот да, туурабы?
- 10-ноябрдан баштап кыргыз өкмөтү мурдагыдай президенттин контролунда турбай, Жогорку Кеңештин контролунда туруп, Жогорку Кеңештин алдында жооптуу болуп калды. Ушуга ылайык, жаңы Конституция кол коюлгандан баштап күчүнө кирди. Мына ошондуктан, кыргыз өкмөтү азыр Жогорку Кеңеш менен тыгыз байланышта туруп, жаңы өкмөттүн жаңы Конституцияга ылайык структурасын аныктап чыгыш керек. Стуктурасы аныкталып чыккандан кийин ошол структурага ылайык өкмөттүн курамы жаңыдан Жогорку Кеңеш аркылуу куралып президентке бекитүүгө берилүүгө тийиш. Тактап айтканда, качан гана тез аранын ичинде жаңы Конституциянын долбоорлору иштей баштаганда Кыргызстандын эли дагы, мамлекеттик бутактары дагы өз ишин так аткарган болуп эсептелинет.
- Демек, структура жаңыланса өкмөттүн персоналдык курамын премьер-министрден баштап кайра дайындоо маселеси чыгат да?
- Ооба. Бүгүнкү күндө аткаруу бийлигинде турган бир топ агенттиктер аткаруу бийлигинин тутумуна кирбейт, алар түздөн түз президентке баш ийип калган. Мына ошондуктан аткаруу бийлигинде кош бийликтүүлүк өкүм сүрүп, башаламандыкка жол берилип келген. Мына 10-ноябрдан баштап жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин кош бийлик жоюлду. Чарбалык, экономикалык иштер өкмөткө гана баш ийип калды.
- Бирок ошол өкмөттүн жеке персоналдык курамы жаңыланышы мүмкүнбү?
- Закон боюнча өкмөт тутуму аныкталгандан кийин ошого ылайык өкмөт мүчөлөрү куралат, таптакыр башка түзүлөт. Мисалы көп агенттиктер, мисалы, энергетика, таможня дегендер министрликтердин алдына өтөт. Ошого ылайык жаңы министрликтер пайда болушу мүмкүн, же болбосо кеңейтилиши мүмкүн. Ошого ылайык өкмөттүн курамы дагы жаңыдан куралат.
- Президент өз администрациясында структуралык кайра түзүүлөрдү жасаш керекпи, мисалы Конституцияда президенттик аппарат гана болот деп жазылды го?
- Туура, президент дагы, Жогорку Кеңеш дагы, өкмөт дагы бийликтин кайсы бутагы болбосун ушул кабыл алынган Конституцияга ылайык түзүлүшү керек. Президент дагы өз администрациясын жоет, аппараты гана калышы керек. Бюджеттин алдында турган бир топ уюмдар өкмөткө, же Жогорку Кеңешке, же башкаларга өтөт.
- Жогорку Кеңешке да кошумча шайлоо өткөрүү маселеси көтөрүлбөйбү?
- Жок. Анткени биз өткөөл жоболорунда шайлоолор болбойт деп жаздык, 2010-жылы гана болот деп так, ачык жазып койдук. Анткени, азыркы күндө Кыргызстанда шайлоолорду, референдумдарды өткөрүү өтө татаал абалда турат. Азыр Кыргызстандын элине стабилдүүлүк керек, кабыл алынган Конституцияны ишке ашыруу маселеси барынан өйдөрөк турат.
Маектешкен Улан Эшматов, Прага