Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

РОЗА ОТУНБАЕВА: ӨКМӨТ ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ МЕНЕН ИШТЕБЕЙ “РЕФОРМА ҮЧҮН” КЫЙМЫЛДЫН МҮЧӨЛӨРҮН КОРКУТУУГА ӨТТҮ


Феликс Кулов башында турган өкмөт жаңы Конституция менен иштөөнүн ордуна “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрүн коркутууга өттү, деп билдирди Роза Отунбаева 14-ноябрда. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан атайын чакыруу кагазы берилбесе дагы, алардын үч кызматкери аны эркине койбой Улуттук коопсуздук кызматына алып кетүүгө аракет кылышкан. Башкы прокуратура 3-ноябрда алынган чуулгандуу үн тасманын негизинде козгогон кылмыш ишти Улуттук коопсуздук кызматына өткөрүп берген. Ага күбө катары бир катар оппозициячыл маанайдагы саясатчылар суракка чакыртылып жатат.

«Асаба» партиясынын теңтөрайымы Роза Отунбаева «Реформа үчүн» кыймылдын жыйынынан жашыруун жазылып алынган үн тасма боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, мамлекеттик төңкөрүш катары баа бергенин мыйзамга жатпас жорук катары эсептерин билдирди. Анын айтымында, Феликс Кулов башында турган өкмөт жаңы Конституция боюнча өнүгүүнүн жаңыча жолун иштеп чыгып, алдыга жылуунун ордуна, «Реформа үчүн» кыймылдын лидерлерин Улуттук коопсуздук кызматы аркылуу коркутууга өттү. Отунбаева ошондой эле
14-ноябрда саат үч жарымда иш кеңсесине Улуттук коопсуздук кызматынын үч кызматкери келип эркине койбой алып кетебиз дегенине нааразы болду.

"Чынында Улуттук коопсуздук кызматынын мени эркиме койбой алып кетүүсүнө акысы да жок болуучу. Себеби мени күбө катары чакырган кагазы берилген эмес. Эч бир кагазга кол койгон эмесмин. Алардын мындай жол менен мени тергегенге акысы да жок болуучу. Мен ушуга абдан нааразымын."

Роза Отунбаева белгилегендей, Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө бөлүмүнүн башчысы, юстициянын подполковниги А.Кадыров Отунбаеваны эркине койбой УКК алып келүү боюнча токтом чыгарып, аталган кызматтын майору Н.Албановго тапшырыптыр.

Чуулгандуу үн тасма боюнча Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишке күбө катары аталган кыймылдын лидерлери чакыртылганын Бишкек шаардык коопсуздук кызматтын жетекчиси Ойталбек Осмонов буга чейин тастыктаган эле.

"Айрымдарына чакыруу кагазын берип, алардын үндөрү, айткан сөздөрү менен тергөөдө аныкташат. Кылмыш козголгон соң алдын ала иликтеп-тергөө иштери жүргүзүлүшү керек",-деген эле Осмонов.

Ал эми “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөсү Болот Байгожоев болсо Улуттук коопсуздук кызматынын бул аракеттери мыйзамсыз, бийликке чындыкты “көзүнө сайып” айткандарды коркутуунун бир амалы деген көз карашта.

"Мен ойлойм бул аракеттер биринчиден мыйзамсыз. Экинчиден мени дагы күбө катары УККга чакыртканын түшүнбөйм. Анткени мен “Реформа үчүн” кыймылдын штабынын ал жыйынына катышкан эмесмин. Менин сөзүм да жок. Эмне үчүн мени чакырып атышат?"

Байгожоев ошондой эле 10-ноябрда мамлекеттик телеканалдын кечки берүүсүнөн Улуттук коопсуздук кызматына күбө катарында тергөөгө барбаган бир катар адамдардын арасында анын дагы аты- жөнү айтылган маалыматты жалаа жабуу деп эсептерин билдирди. “Эгерде аталган телеканал жакын арада ал маалыматты кимден алганын билип бербесе жана аны төгүнгө чыгарган билдирүүнү эфирден чыгарбаса, ар намысыма, абийириме доо кетиргендиги үчүн мен МТРКны сотко берем", деди Байгожоев.

Аманбек Жапаров, Бишкек

XS
SM
MD
LG