Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:23

ДҮЙНӨЛҮК СООДА УЮМУНА КИРҮҮ ҮЧҮН ОРУСИЯ АКШ МЕНЕН МАКУЛДАШУУГА ЖЕТИШТИ


Москва менен Вашингтон Дүйнөлүк Соода уюмуна Орусиянын мүчө болуп киришине жол ача турган маанилүү экономикалык келишимге жетишкенин жарыялашты. Ага ушул аптанын этегинде Вьетнамда өтө турган экономикалык саммитте расмий түрдө кол коюлат. Бирок Орусия аталган дүйнөлүк уюмга заматта эле кошулуп калат дегенге азырынча эртелик кылат. Анткени өлкөнүн уюмга кириш-кирбеши АКШда жаңы шайланган Конгресс менен Грузия жана Молдованын чечимине байланыштуу боло тургандай.

Орусия соңку 13 жылдан бери Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө боло албай жүрөт. Эми узак мөөнөткө созулган оор талкууларга чекит коюла тургандай.

Орусия менен Кошмо Штаттары 10-ноябрда Москва эми соода жаатындагы дүйнөдөгү эң ири, 150 мүчөсү бар уюмга кирсе деле болот деген келишимге жетишкенин жарыялашты.

АКШнын президенти Жорж Буш менен Орусия мамлекетинин башчысы Владимир Путин бул жөнүндөгү келишимге 18-19-ноябрь күндөрү Вьетнамда өтө турган Азия-тынч океан экономикалык кызматташтык саммитинде кол кое турган болуп жатышат.

Эгер чындап эле ал макулдашууга кол коюлуп калса, Дүйнөлүк соода уюмуна Орусиянын мүчө болуп киришине алакыт болуп жаткан негизги маселе чечилмек.

Вашингтондогу Като институтунун Соода саясаты боюнча окуулар борборунун директору Дениэл Грисуолддун айтымында, Орусия Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүккө алынышына бир эле кадам калды.

- Мүчөлүккө кирүү үчүн Кошмо Штаттары менен түзүлчү келишимге жакын арада кол коюлбай тургандай сезилген, тоскоолдуктар али алдыда тургандай болгон. Эми ага кол коюш эле калды. Менимче, жакын арада Орусия бул уюмга мүчөлүккө алынат, - деди Соода саясаты жаатындагы вашингтондук аналитик Дениэл Грисуолд.

Орусия - дүйнөдөгү эң ири экономикалык оюнчулардын ичинде азырга чейин Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүккө алына элек жалгыз мамлекет. Андыктан жетишилген келишимди америкалык ишкер топтору жылуу кабыл алышканын билдиришти.

Грисуолддун ишениминде, өлкө уюмга мүчөлүккө алынса, аны менен түзүлчү көптөгөн соода байланыштары саясий өңүтүн жоготуп, аларга ишеним артат. «Мисалы, эки мамлекеттин өкмөттөрү ортодогу ишкерлердин ишине кийлигише алышпайт, кандайдыр бир дипломатиялык чыр-чатак болуп кетсе, бири-биринин товарларын киргизбей кое алышпайт»,- дейт Грисуолд.

Дүйнөлүк Соода уюмуна кирүү менен 1 триллион доллардык экономикасы бар Орусия бир топ эле кубаттуулугун көтөрүп алмак. Мисалы, Кытай үчүн 2001-жылы уюмга мүчөлүк алуу экономикалык чоң утуш болуп калды.

Дүйнөлүк соода уюмуна кирүү менен Орусия Батыштын базарларына кирүүгө укук алмак, банк жана телекоммуникация өңдүү тейлөө кызматтарынын ишин жакшыртууга чоң өбөлгө түзүлмөк.

Анткен менен бул маселеге байланыштуу айрым кычыктуу суроолор дале жоопсуз калууда.

Мисалы, АКШ менен жетишилген келишим өткөн жумадагы шайлоодон бери демократтар тарабынан башкарууга алынып турган Конгресстин кайра кароосуна, текшерүүсүнө дуушар болоору күтүлүүдө.

Конгресс, чын-чынында, Орусиянын аталган уюмга мүчөлүккө алынышына тоскоолдук кыла албаганы менен, ал расмий Москвага «туруктуу жана нормалдуу соода алакаларын» түзүү жөнүндө кепилдик бербей коюшу мүмкүн, же «кансыз согуш» учурунан калган соода чектөөлөрүн киргизип коюшу ажеп эмес.

Орусия, мындан сырткары, уюмга кирүү үчүн Коста-Рика, Грузия жана Молдованын уруксатын алышы керек. Анткени өлкөнүн уюмга мүчөлүк ишин ушул мамлекеттер да карашат.

Грузия менен Молдовадан чыккан виного Орусия тыйуу салып койгонун эске алганда, алардан уруксат алыш үчүн да Москва бир топ баш оорутушу керектиги айкын. Анын үстүнө, соңку мезгилдерде Орусия менен Грузия ортосунда дипломатиялык араздашуу да болгон.

Анткен менен байкоочулар Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна киришин күтүүгө аз эле убакыт калды деп ишенишет.

Төрөкул Дооров, Москва

XS
SM
MD
LG