Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:47

ОППОЗИЦИЯНЫ КОЛДОП МИТИНГГЕ КАТЫШКАНДАРДЫ КУУГУНТУКТОО БАШТАЛДЫ


“Реформа үчүн” кыймылы уюштурган Алатоо аянтындагы митингге катышкандардын айрымдарын мекеме жетекчилери куугунтукка ала баштады. Ошондой эле бийликти колдогон митингге катышуудан баш тарткандарды дагы коркутуу- үркүтүүлөр болууда.

Оппозициядагы саясатчылардын айтымында, Алатоо аянтына митингге чыккандарды жана эски аянттагы Бакиев-Кулов тандемин колдоп уюштурулган акцияга барбай койгондорду бийлик өкүлдөрү куугунтуктап баштады. “Бийлик кара тизме түзүп, “Реформа үчүн” кыймылын колдогондорду коркутуу- үркүтүү ыкмасына өттү”,- дейт “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү, депутат Мелис Эшимканов.

Бакиев-Кулов тандемин жактагандардын митингине бюджеттик мекемелердин кызматкерлерин, жогорку окуу жайлардын студенттерин мажбурлап алып келишкенин айрым кызматкерлер эми ачык айта баштады.

Эски аянттагы Бакиев - Кулов тандемин колдогон митингичилердин көбү Бишкектеги жогорку окуу жайларынын студенттери болушкан. Алар Кыргыз улуттук университеттин, Бишкек гуманитардык университетинин, Медициналык академиянын студенттери экени да айкын болгон. Студенттердин айрымдары аларды жетекчилик атайы буйрук менен айдап келгенин айтып беришкен эле. Аттарын атоодон чочулаган студенттер аларды мугалимдери коркутуп жатышканын айтышты.

Булардан сырткары митингде бюджеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлери да катышкан. Бийлик уюштурган митингге баруудан баш тарткан “Грей” фирмасынын кызматкери Азамат Акматов жетекчилери куугунтуктай баштаганын айтты.

Бишкектеги жүк ташуучу автобазанын айдоочусу Бактияр Мамытовду Алатоо аянтына барып, “Реформа үчүн” кыймылынын талаптарын колдогону үчүн мекеме жетекчилери суракка алып, эскертүү беришкен.

“Эмгек жана биримдик” партиясынын жаштар канатынын лидери Рыскулбек Жумабаевдин айтымында “бөрк ал десе баш алган” айрым жетекчилер мекеме кызматкерлерин, студенттерди митингге зордоп алып келип турган.

Кабыл Макеш, Бишкек

XS
SM
MD
LG