Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:12

ЖАЛАЛАБАТ: “СЕНТЯБРЬ” ТЕЛЕКОМПАНИЯСЫНА КИМ ДИВЕРСИЯ ЖАСАДЫ?


Жалалабат облусунда көз каранды эмес “Сентябрь” телесине белгисиз адамдар кол салышкан. Сыналгынын көрсөтүүлөрдү обого таркатуучу жабдыктары талкалангандыктан аталган телеканал 2-ноябрдан бери обого чыкпай калган. Телеканалдын жетекчилиги инцидент тууралуу мамлекеттик уюмдарга кайрылган эмес. Көрөрмандардын пикири боюнча жеке менчик сыналгылар ээсинин айтканы менен болот. Обулуста жеке менчик сыналгыларга тоскоолдук жок дешет жергиликтүү бийлик өкүлдөрү.

Көз каранды эмес “Сентябрь” телеканалы бир ай мурда уюштурулган. Сыналгы Жалалабат жана Ош облустарындагы маалымат боштугун толтуруу жана элге бейтарап маалыматтарды таркатуу максатында ачылган. Оппозициянын Бишкектеги митинги башталганга чейин “Сентябрь” калкты 24 саат бою орусиялык ОРТ жана РТР сыналгыларынын көрсөтүүлөр менен камсыз кылып турду. Мезгил-мезгили менен коммерциялык мүнөздөгү өз берүүлөрүн обого чыгарган.

Сыналгынын директору Асылбек Текебаевдин айтымында, 2-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар телеканалга кол салган. Телеканалдын күзөтчүлөрү белгисиз зат менен ууландырылган. Алар уктап калганда белгисиз кишилер телеканалдын жабдууларын талкалап кетишкен:

- Биздин «Сентябрь» телерадиокомпаниясынын студиясына белгисиз адамдар кол салышып, кароолчуларды белгисиз зат менен уктатышып, телеберүү жабдууларын талкалап кетишкен. 2-ноябрда башталган элдик митингди башталган биздин канал аркылуу көрсөтпөө максатында бул талкалануу уюштурду деп эсептейм. Албетте, муну элге так маалымат жетпесин деген адамдар уюштуруду.

Эки аптадан бери сыналгы обого чыкпай калды. Аталган окуя боюнча сыналгынын жетекчилиги мамлекеттик уюмдарга кайрылган эмес. “Анткени,- дейт Асылбек Текебаев,- укук коргоо уюмдарына ишеним жок жана текшерүүнүн жүрүшүндө алар кызматкерлерге ар түрдүү басымдарды жасамак”.

Жалалабат шаарынын тургуну Тахиржан үчүн сыналгынын көрсөтпөй калганы түшүнүксүз болду. Анын ою боюнча сыналгынын жабдуулары оппозициянын митингин элге көрсөтпөө үчүн атайын керектен чыгарылган:

- Буга чейин бул каналдан толук түп тараптуу маалымат алып турчумун. Демократиялык укуктук мамлекет болобуз десек “Сентябрь” телеканалына окшогон маалымат таркатуучу каражаттардын мамлекеттик колдоосу зарыл. Антпесе КТРге окшоп бир тараптуу маалымат таркатуу өлкөнү жакышылыкка алып келбейт. Буга жакында болуп өткөн оппозициялык митингдин КТРден толук көрсөтпөгөндүгү далил болду.

Бирок, көрөрмандар учурда жеке менчик маалымат каражаттарына анчалык деле муктаж эмес. “Ош шамы” гезитинин облустагы кабарчысы Уланбек Пармановдун оюнда мамлекеттик сыналгылар окуяларды объективдүү чагылдырып калышты:

- Менчик телевидениелер, албетте, ошону уюштуруучусунун пикирин, анын көз карашын чагылдырууга аргасыз болушат. КТРден эл реалдуу маалыматты жеткиликтүү алып эле жатат. Ал эми менчик телеканалдардын дарамети Кыргызстанда жетишүү кыйынырак болот. Анткени, алар бары бир бир жактуулукка көбүрөөк оойт.

“Ата мекен” партиясынын өкүлү Сеит Кадырбеков дагы эле мамлекеттик сыналгылардын ишине канааттанбайт:-Бир мисал КТРди коомдук телевидениеге өткөрүү боюнча. Телевидение бир жактуу сүйлөбөш керек. Алар президент укмуш дейт.

“Сентябрь” телеканалына болгон кол салуу жөнүндө облбийлик кабарсыз. Губернатордун орунбасары Камила Талиева коомдук телени колдойт. Анын жообу боюнча облуста жеке менчик сыналгы ачам дегендерге тоскоолдук болбойт.


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабат
XS
SM
MD
LG