Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

ИЛИМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ: ИТТЕР РАКТЫН ЖЫТЫН БИЛЕТ, ПСИХООРУЛУУЛАР ЧООЧУНДАРГА КОЛ САЛБАЙТ


Иттер рак шишигинин жытын ала алышат, бактылуу адамдар башкаларга караганда азыраак сасык тумооолойт, психикалык оорусу бар адамдар чоочун адамдарга адатта кол салбайт.

Америкалык изилдөөчүлөр иттер өпкөнүн рак оорусун 99 проценттик тактык менен, ал эми эмчек безинин рагын 88 проценттик тактык менен таба ала тургандыгын аныкташты. Калифорниядагы Пайн Стриит корунун изилдөөчүсү доктор Майкл Мэккулохтун айтымында окумуштуулар лабрадордук аңчы иттер жана кароолчу иттер менен эксперимент жүргүзүп, ушундай жыйынтыккка келишкен. Алардын жыйынтыгы дүйнөдөгү көптөгөн кесиптештин таң калуусун пайда кылды.

"Биз иттердин мындай жөндөмүнө башка окумуштуулардай эле таң калып олтурабыз. Бирок эксперименттердин жыйынтыгына ишенебиз, анткени аларды өтө так жүргүзгөнбүз. Эксперименттерде иттерге бейтааныш адамдардын организминен алынган пробалар жыттатылган" ,- дейт доктор МэкКулох.

МэкКулох рак оорусун иттердин жардамы менен аныктоо кедей өлкөлөргө пайдалуу боло турганын айтат. Иттерди үйрөтүүгө бир нече миң доллар жумшалат, ал эми компьютердик томограф сыяктуу сезимтал аппараттар 2-3 миллион доллар турат, дейт ал.

Иттердин рак шишигин жытынан билүү жөндөмүн окумуштуу алардын кылымдардан берки эволюциялык өнүгүүсү менен чечмелейт. Иттер башка жаныбарлардай эле тукумун улантуу үчүн өз тобундагы иттердин дени сактарын тандап келишкен. Адамдарга үйүр алган соң иттердин бул жөндөмү адамдын жыты аркылуу анын кандай экенин билүү жөндөмү менен толукталган болушу мүмкүн, деп божомолдойт окумуштуу.

Америкалык окумуштуулар көңүлү жайдары, бактылуу адамдар суукка жана сасык тумоого башкаларга караганда азыраак уруна турганын аныкташты. Адамдардын ооруларга дуушар болуусу алардын рассасы, улуту, билими жана салмагынан көз караанды эмес. Ошону менен бирге эле изилдөөчүлөр капа болуп, санааркап, ачуусу келген адамдардын суукка урунуусу башка адамдардыкындай эле боло турганын, башкача айтканда, адамдын суукка туруштук берүүсү алардын көңүл күүсүнөн көз караанды эмес аныкташты.

АКШнын окумуштуулары психикалык оорусу бар адамдар айланасындагыларга агрессивдүү мамиле кылып, кол салуусу мүмкүн деген чочулоону төгүнгө чыгарышты. Доктор Ричард Фридман психикалык оорулардын эң оор түрү болуп саналган шизофрения оорусу менен ооругандар айланасындагыларга кол салышы мүмкүн экенин, бирок адатта андай адамдар бейтааныш кишилерге тийишпей турганын айтат.

"Адатта андай адамдар чоочун кишилерге эмес, тааныган адамдарга, үй бүлө мүчөлөрүнө жана досторуна кол салышат. Алар бейтааныш кишилерге коркунуч келтирет деген кептер ойдон чыгарылган",-дейт Фридман.

Доктурдун айтымында дарыларын үзбөй алып турган пациенттер дени сак кишилердей эле иштеп, кадимкидей өмүр сүрүшөт.

Баян Жумакадыр кызы, Прага
XS
SM
MD
LG