Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

КЛАНДАРДЫН МЫЙЗАМЫБЫ?


«Белый пароход» гезити жаңы Башмыйзамдын жаралышы тууралуу, "буга чейин ит-тартыш абалда жүргөн кландардын ортосундагы алака эми мыйзамдаштырылды, ар бир клан мамлекеттик маселелерди чечүүдө тиешелүү артыкчылыктарга ээ болушту, дагы бир айта кетчү нерсе Түндүк менен Түштүк ортосунда тең салмак түзүлдү, бирок ал качанга дейре оодарылып кетпей сакталып турат, белгисиз" деп жазды.

Ушул эле гезитке берген маегинде Ф.Кулов, Башмыйзамдын өтө тездик менен кабыл алынышын Гиннестин рекорддор китебине киргизсе боло турганын, Негизги мыйзамды шашып кабыл алуу опурталдуу жолго түртөрүн, ага кандайча баа берерин билбей кыйналып турганын айтса, премьер-министр «Энесай» гезити аркылуу, Башмыйзамдын кабыл алынышы менен анын ыйгарым укугу бекемделгенин, эми эки тизгин, бир чылбырга көбүрөөк ээ болгонун, мурда президентке баш ийген мамлекеттик курамдар эми ага баш ийип каларын айткан.

«МСН»гезитине депутат, Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти Муратбек Мукашев
банк тармагынын кечегиси, бүгүнкүсү, эртеңи тууралуу кенен кеп кылган.

Ушул эле гезит окумуштуу-экологодордун сенсациялуу кабарынан маалымат берген. Анда буга дейре массалык маалымат каражаттарында айтыла калып жүргөн Памир тоолорунун койнундагы «Сарез» көлү тууралуу сөз болот. Кучагына 16 миллиард кубометр суу батырган көл 1911-жылдагы зилзаладан улам пайда болгон. Азыр «Сарездин» жээкке мелт-калт толуп, батпай турган чагы. Кокус 7 баллдык эле жер силкинүү болсо көл селге айланып, топурак менен кум-таш агызып, бийиктиги 120 метрге көтөрүлүп, чыныгы алааматка айланып, Тажикстан менен Ооганстанды, Өзбекстан менен Түркмөнстандын талааларын жер бетинен кир жуугандай жууп кетери анык дейт.

Окумуштуу тарыхчылар Зайнидин Курманов менен Райкан Төлөгөновдун «Социалисттик идеялар: өткөнү, бүгүнү, эртеңи» деген китебине сын пикирин билдирген «Белый пароход» гезити, чын эле тарыхчылар белгилегендей Саксония менен Бабарияны, Болгария менен Чехияны, Англия менен Балтика өлкөлөрүн негиздеген, ал элге темир ийлегенди көргөзүп, шаар салганды үйрөткөн кыргыздар экени дайын болсо, аныбызды такымын жеген такыба Европа тааныгысы келбей жатса, эй бурадарлар, биз деген байыркы Атилланын түз тукумунан болобуз, бетиңердин биртике кызылы болсо, уятыңар калса качантан бери карызга белчесинен баткан Кыргызстанды, кыргыз тууганыңарды тозоктон куткарып албай өзүңөрчө чардап жүрөсүңөр деп англичандарга кайрылсак кантет, дейт какшык аралышкан макаласында.


Ш. ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG