Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:23

ПРЕЗИДЕНТТИН САЯСИЙ ЭРКИ ЖОГУНАН КООМДУК ТЕЛЕВИДЕНИЕ ТИЛЕГИ ИШКЕ АШПАЙ ТУРАТ


Президент Курманбек Бакиевдин саясий эрки жоктугунан МТРКны коомдук телевидениеге айландыруу тилеги ишке ашпай турат. Бул тууралуу Кыргызстандагы коомдук уюмдардын өкүлдөрү бүгүн маалымат жыйынында билдиришти. Алардын пикиринде мамлекеттик телерадиокомпанияны реформалоого мамлекет башчынын айланасындагылардын каалоосу жоктугунан президент Байкоочу Кеңеш түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон. МТРКны коомдук телевидениеге айландырууга каршы экенин мамлекеттик катчы Адахам Мадумаров мурдатан эле билдирип келатат.

Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттары боюнча коомдук палатанын мүчөсү Елена Воронинанын айтымында, бийлик 2002-жылы мамлекеттик телерадиокомпанияга Байкоочу Кеңеш түзүп, анын мүчөлөрүнүн укугун чектеп, телевидениеде эч кандай маселе чече алуучу эмес. Анын көз карашында, экс-президенттин телевидениени мамлекеттик катуу көзөмөлдөн чыгарбай, коомчулукка бир жактуу маалымат берүү аракетин, Акаевдин кетирген оркойгон каталарын азыркы президент кайталап атат.

Ал ошондой эле мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров Жогорку Кеңеште депутат кезинде МТРКны коомдук телевидениге айлантуу, өлкөдө сөз эркиндигине мүмкүнчүлүк берүү жөнүндө айткан жалындуу сөздөрүн бийлик «тактысына» келери менен унутканы өкүнүчтүү, дейт.

"Мырза мамлекеттик катчы өткөргөн кечээги маалымат жыйыны, адамдардын эске тутуму тайкы экенин көрсөттү.Бирок бизде Интерньюс, коомдук уюмдар, медиа өкүлдөр бар. Биз президенттин коомдук телевидение түзүү мыйзамына ветосун парламент депутаттары кабыл албоосун өтүнүп кайрылдык",- деди Воронина.

Шейшембиде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров МТРК мамлекеттин көзөмөлүндө туруу керектигин, Оштогу "ЭлТР" коомдук телевидение болуп түзүлүп жатканын айткан. Ал ошондой эле беш миллион калкы бар Кыргызстан маалымат каражаттарынын саны боюнча рекорд койгонун белгилеген. Өлкөдө телевидение жана радио жыштыктарды бөлүштүрүү саясаты жана радиожыштыктарды ала албай жүргөндөргө анын жообу да даяр экен.

"Ошол талап коюп аткан адамдар Россияга барып жыштык алсын. Ошол талап коюп аткан адамдар супер демократиялуу деп аткан Америкага барып жыштык алсын. Кыргыз, кыргыз бири-бирин тепкилеп жүрүп, акыры ушул заманга келтире турган болдуңарда", деди Адахан Мадумаров.

«Интерньюстун» аткаруучу директору Эльвира Сариева коомдук телевидение түзүлмөйүнчө, массалык маалыматтары боюнча мыйзам жолго коюлмайынча, теле жана радиожыштыктар кыргыз элине пайда бербей, башка мамлекеттердин кызыкчылыгына кызмат кылуусун уланта берерин айтты.

«Журналист» уюмунун жетекчиси Марат Токоев болсо МТРК коомдук телевидение болуп түзүлмөйүнчө маалымат бир жактуу берилип, коомдогу оң-терс көрүнүштөр тең салмактуу чагылдырылбай, өлкөнүн өнүгүүсүнө «бут тосот», деген ойдо. Анын баамында, президентке анын айланасындагылар коомдук телевидение боюнча мыйзам долбоорун туура эмес маалымдашы мүмкүн.

"Менимче президент Курманбек Бакиевге коомдук телевидение боюнча мыйзам долбоорунун маңызын туура эмес жеткиришкен, деп ойлойм. Эмне үчүн дегенде, мамлекеттик жетекчи болуп туруп ушундай сөздөрдү айткандан көрө, фактыларды текшерип карап көрсө жеңил болот эле. Эгерде маалымат туура жеткирилип же өзү мыйзамдарды окуп чыкса анын сунушуна азыркыдай ар кандай сын пикирлер айтылбайт эле. Ал мамлекеттик жетекчи болгондон кийин анын убактысы абдан тар. Анын жардамчылары мыйзам долбоорун окуп, анан ага туура эмес маалымат жеткирди болуш керек",- деди Марат Токоев.

"Медиа өкүлчүлүгү" институтутунун коомдук корунун директору Илим Карыпбеков коомдук телевидение боюнча учурдагы актуалдуу маалыматтар, мамлекеттик телерадио берүүлөрүн коомдук телевидениеге айландыруу боюнча эл аралык тажрыйбаларды алмашуу тууралуу 4-декабрда Бишкекте Борбор Азия боюнча аймактык медиафорум өткөрүүнү болжоп жатышканын кабарлады.


Аманбек Жапаров, Бишкек
XS
SM
MD
LG