Пакистанда ойноштук кылгандар жана аял зордуктагандар өзгөчө кодекске ылайык тергелип,тескелет. Бу мыйзам мындан отуз жылдай илгери генерал Зияул-Хактын аскери режими тушунда кабыл алынган. Кодекс шариаттын өтө талаштуу жоболорунан куралган. Анда күйөөсүнүн көзүнө чөп салган аялдарды ташбараңга алып жазалоо каралган. Бирок өлкөдө ар бир эки саатта аял зордуктаган зөөкүрлүк иштер болуп турат. Бир аялды бир нече эркек зордуктаган учурлар да көп кездешет. Пакистандагы укук коргоочу көз карандысыз комиссия бул цифраларды кыйла азайтылган көрсөткүч деп эсептейт. Абийири булганган аялдар мындай иштерди көпчүлүк учурда сыртка чыгарышпайт, сотко кайрылып,зордукталганын далилдөө аларга ого бетер кыйын.
Парламент кечээ кабыл алган мыйзам долбооруна ылайык,зөөкүрлөрдөн азар көргөн аялдын төрт эркек күбөсү болушу керек, болбосо ал өзү ойноштук кылган деп айыпталып, жазага тартылышы мүмкүн. Болгону мындай иштерди тергөөчүлөр эми шариат эрежелерине ылайык эмес, жалпы жарандык мыйзамдардын негизинде тескеп, териштирип чыга алышат.
Жаңы мыйзам долбоорун өлкөнүн премьер-министри Шаукат Азиз аялдардын укуктарын жана ар-намысын коргоо боюнча жасалып жаткан иштердин бир бөлүгү катары мүнөздөдү. Ошол эле учурда ал жаңы мыйзам шариаттын жана Курандын жоболоруна каршы келет деген пикирди четке какты. “Пакистанда бардык мыйзамдар Куранга жана Мукамбет пайгамбардын хадистерине негизденет,Алла тааланын амирине кайчы келген эч кандай мыйзам кабыл алынбайт”, - деп айтты ал.
Жаңы мыйзам долбооруна каршы болгон таасирдүү диний лидерлер бүткүл өлкө боюнча нааразылык демонстрацияларын уюштурганы жатышат. Быйыл сентябрда аталган мыйзам долбоору парламенттин кароосуна берилгенде алар буркан-шаркан түшүп, катуу каршылык көрсөтүшкөн. Кечээ да депутаттарга кайрылып,өлкөдөгү диний лидерлердин бири жаңы мыйзам долбоору Пакистанды сексуалдык айыш-аширет каптаган аймакка айлантат деп эскертти.