Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

АЛ-ЖАЗИРА ЭМИ ТЕЛЕДЕН АНГЛИСЧЕ СҮЙЛӨЙ БАШТАДЫ


Шаршембиде араптардын Ал-Жазира телекомпаниясынын англис тилиндеги эл аралык каналы ишке киришти. Жаңылыктар менен соңку окуяларды чагылдырган англис тилдүү канал, уюштуруучулардын айтымында, эл аралык Си-Эн-Эн жана Би-Би-Си телеканалдарына атаандаш маалымат булагы болмокчу.

“Ал-Жазиранын дүйнөлүк жаңылыктар каналына жана Жакынкы Чыгыштын жүрөк толтосу - Дохада жайгашкан баш кеңсебизден обого түз чыгып жаткан алгачкы программабызга кош келиңиздер!” – деген жаңы каналдын алып баруучусу Шүлие Хошко улай анын кесиптеши: “Бүгүн 15-ноябрь – тележаңылыктардагы жаңы доордун алгачкы күнү” деп жарыялады.

Ошентип, техникалык себептерден улам кийинкиге жылдырылып келген окуя ишке ашып, англис тилиндеги эл аралык жаңылыктар менен соңку окуяларга арналган Ал-Жазира каналы обого чыга баштады. Айрым эксперттер жаңы телеканал жалпы арап маалымат мейкиндигиндеги чоң ачылыш, ыңкылапка тете окуя болду деп жатышат.

“Азаттыктын” ирак кызматынын директору Сергей Данилочкин арап тилиндеги Ал-Жазира телеканалы техникалык жана материалдык жактан абдан кубаттуу экенин белгилеп, кантсе да жаңы канал маалымат майданындагы атаандаштыкты курчутту деген пикирде.

-Бул эми арап тилиндеги Ал-Жазиранын көчүрмөсү болбойт ко, анткени көрөрмандар таптакыр башка. Экинчи жагынан, Жакынкы Чыгыштагы окуяларды чагылдырганда эми башка спутниктик телеканалдар Ал-Жазира өңдүү күчтүү атаандаш бар экенин эске алууга аргасыз болот. Керектөөчүлөр үчүн маалымат базарында атаандаштык курч болгону жакшы, анткени кабарлардын сапаты артат. Өкүнүчтүүсү, көрөрмандар үчүн маалыматтын сапатын аңдап билүү оңой болбойт ко.

Арап тилиндеги Ал-Жазира телеканалы мындан 10 жыл илгери пайда болгон. Катардын Эмири Шейх Хамад Би-Би-Сиде иштеп кеткен арап журналисттерин жумушка алып, Жакынкы Чыгыштагы окуяларды чагылдыруу ишинде аларга эркиндик берген. Андан бери телекомпания Ооганстан, Ирак, Палестинадагы коогалуу окуяларды чагылдырып, Осама бин Ладенге окшогондорго эфир берип, АКШнын ачуусуна тийсе, Израилдиктерге сөз берип, арап дүйнөсүндө шектенүү жараткан.

Англис тилиндеги каналдын кызматкерлери дүйнө жаңылыктарын Батыштык каналдардай АКШ-Европага басым жасабай, өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн келечеги өңүтүнөн чагылдыра турганын айтышууда. Азырынча жаңы каналдын редакциялык саясатына башкы демөөрчү – Катардын жетекчилери кандай таасир этээри белгисиз. Байкоочулар кантсе да, англис тилиндеги Аль-Жазира каналын ачуунун артында коммерциялык кызыкчылыктан көрө саясий максат көбүрөөк экенин айтышат. Al-Jazeera English каналынын Лондондогу бюро башчысы Сью Филипс буларды белгилейт.

- Биз телеберүүлөрдүн Батыштык стандарттарын карманабыз. Бирок абдан эржүрөк кабарлардан качпайбыз. Кабарлар бейтарап, так жана калыс болушуна бардык күчтү жумшайбыз. Зарыл болгон жерлерде талаштуу маселелерди көтөрөбүз.

Англис тилиндеги Ал-Жазира телеканалынын башкы принциптерине Лондондогу бюро башчысы ушундайча токтолуп, Осама бин Ладендин тасмасы колго тийсе, редакторлордун чечимине жараша аны көрсөткөндөн качпайбыз деп кошумчалай кетти.


Венера Сагындык кызы
XS
SM
MD
LG