Кыргыз Республикасынын баш прокурорунун басмасөз катчысы Токтогул Какчакеев Өзбекстандан билдирүү-кат кандай жагдайдан улам келгендигине токтолду:
- Анжиян окуясына катышып, кылмыш кылган өзбекстандык 5 жаранды биз Өзбекстан Баш прокуратурасынын талабы боюнча аларга өткөрүп бергенбиз. Бирок, эл аралык уюмдардын, укук коргоочулардын, журналисттердин Өзбекстанга өткөрүп бербегиле, өткөрсөңөр алардын адамдык укуктары тебеленип, өлтүрүлүп салынышы мүмкүн деген тынчсызданууларын да толук жеткиргенбиз. Мыйзам чегинде тергөө жүргүзүүсүн талап кылганбыз. Ошон үчүн алар бизге минтип кабар беришти. Бешөө тең аман-соо экен. Эч кандай кыйноо болгон эмес.
Токтогул Какчакеев Кыргызстандын Баш прокуратурасы өзбекстандык 5 жарандын ден-соолугунан, тергөө иши кандай жүрүп жаткандыгынан ай сайын кабар алып тургандыгын, Президент К. Бакиев менен бирге баш прокурор Конгантиев Өзбекстанга расмий сапар менен барганда ошол беш жаран боюнча өзүнчө маалымат алынгандыгын кошумчалады.
“Медиа өкүл” институтунун жетекчиси Шамарал Майчиев өзбекстандык 5 жаранды Кыргызстандын кайра Өзбекстанга өткөрүп берүүсү - чыныгы компромисттик чечим болгон деген ойдо. Антпесе күн сайын чегараларда кармалып жаткан кыргызстандыктарды да Өзбекстан бербей коюшу мүмкүн эле дейт.
Ал эми “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук бирикмесинин төрайымы Төлөкан Исмаилованын пикиринде, ошол өзбекстандык беш жарандын сотко байланышкан мындан аркы тагдыры да Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркына таасир этет. Маселен, беш жаран катуу кордук көрсө же өлтүрүлсө Кыргызстанга да айыптоолор айтылат. Бешөөнү Ташкенде эмес, адам оңой менен жетпеген алыскы райондо соттошу мүмкүн. Ага карабастан Өзбекстандын укук коргоо органдарынын иш-аракеттери эл аралык коомчулуктун көз алдында болот.
Анжиян окуясынан кийин Кыргызстанга качып келген, кийин Кыргызстан Өзбекстандын өз колуна салып берген өзбекстандык жарандардын сот жараянына байланыштуу маалыматтар Кыргызстандын Баш прокуратурасына да жиберилип турары макулдашылыптыр.
Кожогелди Култегин, Бишкек.