Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:57

ИРАК СОГУШУН ТОКТОТУУ ОҢОЙ ЭМЕС


Америкалык Конгресске 7-ноябрда болгон шайлоодо бийликтеги Республикалык партия утулгандан соң, көптөгөн саясат таануучулар эми Вашингтондун Ирак саясаты өзгөрөт деген пикир айтышууда. Ал саясат чындап эле өзгөрө баштады, бирок, айрым эксперттердин айтымында, Ирактагы согушту токтотуу оңой эмес.

Конгресстин эки палатасындагы тең көпчүлүккө ээ болгон Демократиялык партиянын жетекчилери көптөн бери Ирактагы америкалык аскерлерди өлкөдөн акырындап чыгарыш керек жана абалды калыбына келтирүү үчүн кошуна мамлекеттер Иран жана Сирия менен сүйлөшүү жүргүзүү керек деп айткан. Мисал үчүн, ал тууралуу эми Сенат менен Эл өкүлдөр палатасынын эл аралык байланыштар боюнча комитеттерин жетектөөгө келе турган сенатор Жозеф Байден жана конгрессмен Том Лантос айтып келген.

Мындан эки жыл мурда болсо - бир кезде президент Жимми Картердин кеңешчиси болуп иштеген Збигнев Бжезинский жана азыр коргоо министри болуп дайындалып жаткан Роберт Гейтс атайын доклад жазып, Ирак маселесин чечиш үчүн Иран менен диалогго барыш керек деп чыккан. 13-ноябрда президент Жорж Буш Тегеран менен сүйлөшүү жүргүзүүгө ал даяр экенин билдирди.

Анткен менен, айрым эксперттердин пикиринде, Ирак согушун токтотуу оңой эмес жана Конгресс дагы бул маселе боюнча президентке көп деле катуу басым жасай албайт, анткени президенттин бийлиги Америкада өтө күчтүү. Вашингтон шаарындагы Америкалык университеттин профессору Аллан Лихтмандын айтымында, согушту токтотуу үчүн өтө чечкиндүү аракет керек:

"Менин оюмча, согушту токтотуу үчүн эки гана жол бар. Биринчиси - 1970-жылдардын башында Никсон Ветнам согушу тууралуу чечим кабыл алган сыяктуу, азыр президент Буш өз кызыкчылыгын көздөп чечим чыгарыш керек. Экинчи жол анчалык ыктымал эмес, бирок эгерде демократтар маселенин чыныгы өзөгүнө жетип, Ирактагы аракеттерди каржылоону токтотсо гана согуш аяктайт. Бирок демократтар ага даай алса дагы, алар Конгрессте ал чечим үчүн жетиштүү добуш чогулта албайт. Алардын колундагы көпчүлүк өтө деле орчундуу эмес, ошондуктан Конгрессте отуруп алып баарын башкаруу өтө кыйын. Президенттин бийлигин жете чактабаш керек", - дейт Лихтман.

Анын айтымында, маселени чечүүнүн кайсы жолу Америкага эң аз зыян алып келээрин эсептеп чыгыш керек: "Маселенин бардык жактары каралыш керек, калктын кеңири катмарлары колдобогон саясаттан баш тарткандан же азыркы аракеттерди уланта бергенден канчалык зыян болоорун эсептеп чыгыш керек. Ошондо гана согушту токтоткондон кээде пайда болот деген жыйынтык чыгышы ыктымал. Саясатты өзгөртүү менен убакыт да утуп алуу мүмкүн. Президент Никсондун жалпы стратегиясы туура эмес болуп чыккан, бирок ал билингенге чейин ал саясаттан кетип калган. Президент Буштун алдында азыр өтө деле көп мүмкүнчүлүк жок. Ал жаман жана эң жаман эки нерсе ортосунда тандаш керек болуп турат. Ал бизди Ирак менен өтө жаман абалга такады, жагдайды оңдоо оңой эмес, Виетнам маселеси да ошондой болчу. Виетнам согушу башынан аягына чейин трагедия болгон жана, менин оюмча, Ирак маселеси дагы башынан аягына чейин трагедия", - дейт професcор Лихтман.

Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG