Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:49

КЫРГЫЗСТАНДА УЛУТТУК ДҮҢ ӨНДҮРҮШТҮН КӨЛӨМҮ ТӨРТ ПРОЦЕНТКЕ ӨСӨТ


Ушул жумада Лондондо Европанын Кайра куруу жана өнүгүү банкынын Кыргызстандын экономикалык абалы тууралуу жылдык баяндамасы жарык көрдү.

Өлкөдөгү ишкер климатка мүнөздөмө берип, банк быйыл Кыргызстанда салык системасы жөнөкөйлөштүрүлүп, коррупцияга чара көрүлгөндүгүн айтат. Европанын Кайра куруу жана өнүгүү банкынын айтымында салыктардын ого эле жогору болгону салыктан качкан өндүрүүчүлөрдү көмүскө иштөөгө мажбурлап, коррупциянын күч алуусуна, пара үмүт эткен чиновниктердин ишканаларды негизсиз текшере берүүсүнө өбөлгө түзүп келген. Бул көрүнүштөрдү өкмөт көзөмөлгө алды, деп айтылат баяндамада.

Инфраструктура тармагындагы абалга токтолуп, банк Кыргызтелекомду приватташтыруу маселеси али толук чечиле электигин, ал эми Бител телефон байланыш операторун казакстандык инвесторго сатуу кардар менен ээлик кылуучулардын өз ара талашына алып келгендигин белгилейт.

Электроэнергия тармагындагы абалга токтолуп, банк быйыл апрелден баштап өлкө калкы үчүн электрэнергия үчүн бирдиктүү акы киргизилип, бул мурдагы жылдардагы жоготуулардын бир бөлүгүнүн ордун толтурууга огожо болгондугун, 2010-жылы чыгаша толугу менен жабыла тургандыгын айтат.

Республиканын социалдык тармагындагы абалга токтолуп, банк калкты камтама кылган чоң маселелер - булар жумушсуздук менен кедейлик экенин баса белгилейт. Банктын айтымында эгерде 2003-жылы кедейликтин деңгээли 50 процентти түзсө, 2005 - жылы бул көрсөткүч кыскарып, 44 процентти түзүп калган. Бирок жумушсуздук күч алды. Банктын айтымында 2005-жылы жумушсуздар ишке жарактуу калктын 10 процентин түздү.

2005- жылдын март айындагы окуяларга жана Кумтөр алтын кениндеги өндүрүштүн кыскарганына байланыштуу өндүрүштүн көлөмү республикада ал жылы 0,6 процентке төмөндөп кеткен. Бирок 2006- жылы экономика кайрадан өсө баштап, жылдын биринчи жарымында өсүш 2,5 процентти түздү. Экономикалык өсүшкө инвестициялардын көбөйгөндүгү да салым кошту, делинет баяндамада.

Салык жыйноонун көбөйгөнү бюджеттин таңсыктыгын 2005- жылы Улуттук Дүң Өндүрүштүн 4 проценттик деңгээлине кыскартууга мүмкүндүк берди. Алтын экспортунун азайып, ал эми импорттун кескин көбөйүп кетишине байланыштуу тышкы сооданын таңсыктыгы жогорулап кеткен. Бирок бул таңсыктыкты чет элде иштеген кыргызстандыктардын үй бүлөлөрүнө жиберген акчасы кыйла жумшарткан.

Банктын маалыматы боюнча 2005-жылы чет элде иштеген кыргызстандыктардын жакындарына банк эсептери жана почта аркылуу жиберген акчсынын суммасы 101 миллион долларды түзгөн. 2004- жылы бул сумма рекордко жетип, 131 миллион долларды түзгөн.

2006-жылы апрелде Дүйнөлүк Банк республиканын тышкы карызынын бир бөлүгүн кечүүнү чечкен. Мындай кадам руспубликанын финансылык абалынын жакшыруусуна өбөлгө түздү. Эгерде карыздарды кечүү процесси улантылса, жумурият башчылыгы карызды төлөөгө жумшала турган акчаны социалдык тармактагы маселелерди чечүүгө чыгымдай алат. 2006- жылы өлкөнүн улуттук дүң өндүрүшү кеминде 4 процентке өсүшү күтүлөт, деп айтылат банк баяндамасында.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG