Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

НАЗАРБАЕВ КАЗАКСТАНДЫН ЭЛ АРАЛЫК АБРОЙУН КӨТӨРГҮСҮ КЕЛЕТ


10-ноябрда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев республиканын Жарандык партиясынын курултайында сөз сүйлөп, Казакстан Батыштын кеп- кеңештерине муктаж эмес деп айтты. Мунай кендерин иштетүү үчүн Батыштын миллиондогон доллар инвестицияларын пайдаланган жумурияттын мындай билдирүүсү анын Батышка каратылган саясатынын өзгөргөндүгүнүн белгисиби?

Президент Назарбаев Казакстандын дүйнөдөгү ири мунай өндүрүүчү эле эмес, региондо маанилүү ролго ээ өлкө катары таанытууга аракеттенгени маалым. Астана уюштурган эл аралык конференциялар менен форумдарга дүйнөдөгү диний конфессиялардын өкүлдөрү жана атак- даңктуу инсандар катышкан.

Казакстан Кытай жана Россия өңдүү күчтүү кошуналары менен гана жакшы мамиледе болбостон, Борбор Азиядагы кошуналары менен жигердүү алакалашып келатат. 1991-жылы эгемендик алган өлкө табыгый байлыктарын иштетүү үчүн батыштан миллиардаган доллар инвестицияларды тартып, экономикалык өсүшүн жылына 10 проценттик дэңггээлге жеткирди.

Бирок өткөн жума күнү Жарандык Партиясынын курултайында президент:"Бизде азыр тигиндей кылгыла, мындай кылгыла, деген кеңешчилер көп. Тияктан, бияктан, мухиттин ары жагынан келген кеңешчилер жетиштүү. Сингапурдун премьер-министри Ли Куан Ю менен жолугушуп, кат алышып, турам, ал өз дарегине диктаторлук кылууда, партияларды кысмактоодо деген сындар көп болгонун, бирок ар бир кеңешчинин тилин алып олтурсаң, иш ордунан жылбасын айткан. Эң негизгиси көңүл борборунда элдин кызыкчылыгы, Казакстандын кызыкчылыгы болуу керек, башканын баары арзыбаган нерселер" ,-деп айтты.

Назарбаевдин бул сөзү өлкөнүн Батышка каратылган саясаты өзгөргөндүгүн айгинелейби? Лондондогу Согушту жана Тынчтыкты чагылдыруу институнун Борбор Азия боюнча адиси Жон МэкЛеоддун пикиринде бул сөздү саясаттагы бурулуш катары сыпаттоого болбойт.

«Менин пикиримде ал бул сөздөрүн Батышка багыттаган жок, ал тек гана өзүнүн «Отан» партиясы менен бириккени жаткан Жарандык партиянын алдында чыгып сүйлөдү. Менин ойумда ал партия мүчөлөрүнө өлкөдөгү баардык маселелер өлкө башчылыгынын көзөмөлүндө экенин, башчы катары чет элдиктердин кызыкчылыгын эмес, өлкөнүн өзүнүн кызыкчылактарын жетекчиликке алып, иштеп жатканын көрсөткүсү келди. Президент эки партиянын биригүүсү чоң улуттук долбордун бир бөлүгү экенин көрсөткүсү каалады»,- дейт МэкЛеод.

14- ноябрда Астанада АКШы элчилигинин жаңы имаратын ачып жатып, Назарбаев Вашингтон менен Астананын мамилелери мындан ары да чыңдаларын айткан, деп кошумчалайт серепчи.

"Россия жана Кытай менен жакшы мамилеледе болгон өлкө Батышты унутта калтырат дегендикке жатпайт,- деп сөзүн улантат МэкЛеод.-Назарбаев Казакстандын Батыштагы абройун көтөргүсү келет. Казакстандын 2009-жылы Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмуна төрагалык кылуу пландары ушундай аракеттердин бир мисалы".

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG