Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

АХМЕТ СЕЗЕР АРКАДАШТАРЫН ЖЫЙЫНГА ЧАКЫРДЫ


Анталияда бүгүн түрк тилдүү өлкөлөрдүн жогорку деңгээлдеги жыйыны ачылат. Түркиянын тышкы иштер министрлиги ырастаган маалыматтарга ылайык, эки күндүк форумда саясий, соода-экономикалык жана маданий тармактардагы кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланат. Бүгүнкү жыйын түрк тилдүү мамлекет башчыларынын эсеби жагынан сегизинчи саммити болот. Биринчи ирет мындай форум 1992-жылы Түркиянын ошо кездеги президенти Тургут Озалдын демилгеси менен чакырылган эле.

Советтер Союзу кыйрагандан кийин анкаралык лидерлерде түрк тилдүү өлкөлөрдү өзүнчө бир үлкөн мейкиндикке бириктирүү мүдөөсү жаралган эле. Бирок соңку кездеги тажрыйба көрсөткөндөй,мындай идеяны жүзөгө ашыруу кыйын болуп чыкты. Ошондуктан форумдун мүнөзү,ага жасалган мамиле да өзгөрдү. Бүгүнкү саммитке Азербайжандын,Казакстандын жана Кыргызстандын президенттери гана келишти. Өзбекстан парламент спикерин,Түркмөнстан вице-премьерин, ал эми айрым маалыматтарга караганда, Анкарадагы элчисин гана жиберди.

Жыйында негизги кеп соода-экономикалык байланыштар,аларды өнүктүрүү жөнүндө болмокчу. Мындан тышкары өнөр жай,айыл чарба,транспорт,маданият жана билим берүү тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланат.Энергетика чөйрөсүндө түрк тилдүү өлкөлөрдүн орду жана ролу өсүп жатканын эске алганда,жыйынга катышкандар бул чөйрөдөгү иштерди да кыйгап өтпөсү анык. Айрым эксперттер атүгүл кара май жана газ, аларды дүйнөлүк рынокко ташып чыгаруу проблемасы форумда талкуулардын башкы темаларынан болот деп болжолдошот.

Түркия азыр экономикалык жактан Азербайжанда жана Түркмөнстанда өзгөчө активдүү аракеттенүүдө,Казакстан менен Өзбекстанда да жигердүү иштерди жүргүзүүдө. Кыргызстанда түркиялык бир нече компания бар,түрк университети ачылган. Баку-Тбилиси-Жейхан мунай кууру ачылган соң келечекте Борборазиянын табигый байлыктарына кенен-чонон колу жетерине Түркия астейдил үмүткөр боло баштады.

Анталиядагы жыйында кипр жана армян-азербайжан жаңжалдары, аларды жөнгө салуу маселелери да сөз болот деген маалыматтар бар. Форумда биргелешкен декларация кабыл алынат. Анда түрк тилдүү өлкөлөрдүн саясий экономикалык алакаларын,маданий карым-катнаштарын чыңдоо мүдөөсү тастыкталат.

Эсенбай НУРУШЕВ, Прага

XS
SM
MD
LG