Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

АКШ ПРЕЗИДЕНТИ АЗИЯ МАМЛЕКЕТТЕРИНЕ САПАРГА ЧЫКТЫ


АКШ президенти Жорж Буш алты күндүк сапар менен Азия мамлекеттерине чыгып, бүгүн Сингапурга келди. Эртеңден тартып ал Виетнамда өтө турган эл аралык форумга катышат, андан соң Индонезияга да барат. Сингапурга учуп баратып, Буш кыска мөөнөткө Маскөөдө токтоп, орус президенти Владимир Путин менен жолукту.

Президент Жорж Буш сапарга 14-ноябрда чыкты жана 15-ноябрда анын учагы май куюу үчүн Маскөөнүн Внуково аэропортунда бир жарым саатка токтогондо, Буш орус президенти Владимир Путин менен жабык жыйын өткөрдү. Сый тамакка алардын жубайлары да катышты жана Путиндин жардамчыларынын айтымында, сүйлөшүү учурунда эл аралык терроризмге каршы күрөшүү, Ирандын өзөктүк программаларынан чыккан маселе жана 19-ноябрда Ханой шаарында кол коюла турган протоколдун шарттары талкууланды.

Ал протокол - Орусиянын Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп кошулушуна арналат, ага Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Герман Греф жана АКШ тараптан сүйлөшүү жүргүзгөн Сюзан Шваб кол коюуга тийиш. Бирок андан кийин дагы Орусиянын мүчөлүгү тууралуу ар башка консультациялар дагы бир жылга уланат деп айтылууда.

16-ноябрда болсо Буш Сингапурга келди жана ошол эле күнү Сингапурдун Улуттук университетинде чыгып сүйлөп, дүйнөлүк маселелер тууралуу сөз кылды: "Азия-Тынч океан региону алдында турган маселелерге Американын болгон мамилеси белгилүү. Биздин оюбузча, жакырчылыкты жоюу, ооруларга каршы күрөшүү жана илим менен технологиянын жетишкендиктерине ээ болуу үчүн улуу-кичүү деген мамиленин ордуна тең-укуктуу кызматташуу керек. Америка убада берет - жалпы жыргалчылык менен кеңири өнүгүү үчүн аракеттенген ар бир мамлекет Американын шериги болот", - деди Буш "Си-эн-эн" сыналгысы көрсөткөн сөзүндө.

17-ноябрда Буш Виетнамга барып, Азия-Тынч океан кызматташуу форумунун ишине катышат. Ал жыйын үч күнгө уланат. Бул уюмга - Тынч океанга чыккан 21 мамлекет кирет, аларда дүйнө калкынын 40 пайызы жашайт, бул өлкөлөргө дүйнө өндүрүшүнүн 56 пайызы жана эл аралык сооданын 48 пайызы таандык. Ошондуктан америкалык жетекчилер Форумдун жыйындарына такай катышат, Ханойдогу жыйынга орус президенти да келет.

Америкалык "Лос-Анжелес таймс" гезити 16-ноябрда жазгандай, Буштун бул саякты - 7-ноябрдагы парламенттик шайлоодо бийликтеги Республикалык партия утулгандан кийинки биринчи сапар болууда, ошондуктан америкалык президент алдында - андай утулушка карабастан, ал чечкиндүү жетекчи экенин көрсөтүү маселеси турат. Андан тышкары Виетнам өзү Вашингтон үчүн өзгөчө мамлекет, Виетнам согушунда АКШ утулгандан кийин Ханойго бир гана америкалык президент - Билл Клинтон 2000-жылдын ноябрында келип кеткен.

Форумда негизинен экономикалык маселелер карала турганы менен, жалпы дүйнөлүк террорчулукка каршы күрөш, өзөктүк куралды жайылтпоо жана кеңири экономикалык коопсуздук маселелери да талкууланат.

Ханойдон кийин Буш Индонезияга барат. Бул мамлекет менен дагы акыркы мезгилде Вашингтондун мамилеси бир топ татаал - акыркы айларда Индонезияда АКШнын Ирак менен Ооганстандагы аракеттерине каршы бир топ митинг-демонстрация болуп өткөн.



Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG