Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:08

УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТТИН РЕКТОРУ ШАЙЛАНДЫ


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин ректорун шайлоонун экинчи айлампасынын жыйынтыгында Ырысбек Өмүрканов жеңди. Улуттук Университеттин ректорлук кызматына өткөрүлгөн бүгүнкү шайлоонун биринчи турундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Ырысбек Өмүрканов 253 добуш алып, академик, мурдагы парламент спикери Алтай Бөрүбаев 244 добуш менен экинчи орунга чыккан, ал эми үчүнчү орунду 102 добуш менен Аалыбек Акунов (ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын мурдагы проректору, саясат таануучу, КУУнун профессору) ээлеген. Жалпысынан, он талапкердин ичинен алтоо биринчи айлампада ат салышкан. Бул шайлоонун бир нече айга кечеңдетилгендиги үчүн атаандаштары ректордун милдетин аткарып келген Ы. Өмүркановду сынга алып келишкен.

XS
SM
MD
LG