Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:58

ОШ: ЖЕТИ МЕЧИТ ЖАМААТЫ МУФТИЙДИН КЕТИШИН ТАЛАП КЫЛЫП ЧЫКТЫ


Ош шаарындагы жети мечиттин жамааты нааразылык жыйынына чогулуп, муфтий Муратаалы ажы Жумановдун кызматынан токтоосуз кетүүсүн талап кылган кайрылуу кабыл алышты.

Дин кызматкерлеринин көпчүлүгү муфтийди былтыркы ажылык сапарын уюштурууда мусулманчылыка туура келбеген иштерди жасаган деп айыпташты:

-Былтыр канчалаган адам ажыга автобус менен барабыз деп баралбай калды. Муфтият деген Алланын алдында жооп бере турган нерсе. Канчалаган мусулмандардын акысын жеп алып атат. Ошолордун арасына келип сүйлөшүп супат кылса билет эле да. Ал жерде отуруп алып канчалаган мусулмандардын кыйналганын көргөн жок. Ошон үчүн мен бул муфтиаттын кетишин биринчи Алладан сурайм. Экинчиден, ушул жерге адилеттүү муфтий келип иштеп беришин сурайт элем, - деди Абдыжапар ажы Ирсалиев.

Ал эми мусулмандардын айрымдары муфтийлик кызматта жети жылдан бери олтурган Муратаалы ажы Жумановдун дин иштер башкармалыгындагы иштери мусулмандардын нааразылыгын пайда кылып жаткан соң, ал киши өз ыктыяры менен кызматынан кетиши керек эле деген пикирин билдиришти.

- Муфтий тарабынан кийинки кездерде эч кандай жарытылуу иш жасалган жок, - деди дин кызматкери Ибрагимжан Султанов.

Чогулгандарга облустук бийликтин атынан губернатордун биринчи орун басары Кушбак Тезекбаев келип бул маселе Уламалар Кеңеши тарабынан чечилиши керек деп айтылган менен андан чындыгында жыйынтык жок болуп жаткандыгын белгиледи:

- Силердин бардыгыңар бүгүн талап коюп айтканыңарды, биздин муфтийибиздин туура эмес иш жасап атканын биз өзүбүздөн үстүдөгү чече турган адамдарга жеткиребиз, - деди Кушбак Тезекбаев.

Буга чейин муфтий Жумановду кызматтан кетирүү боюнча талаптар бир канча ирет айтылып, бирок ал Уламалар Кеңеши тарабынан чечиле турган маселе болгондуктан иштин аягына али күнчө чекит коюлбай келе жатат. Кыргызстан муслмандарынын диний башкармалыгынын эрежелерине ылайык, Уламалар Кеңешинин мүчөлөрүнүн үчтөн экиси учурдагы муфтийге каршы добуш берсе Муратаалы ажы Жуманов кызматтан кетүүгө аргасыз болот.



Сүрөттө: Муфтий Мураталы ажы


Кубанычбек Жолдошев
XS
SM
MD
LG