Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:13

КЫРГЫЗСТАНДЫК ФУТБОЛЧУЛАР БИРИНЧИ ЖОЛУ АЗИЯ ОЮНДАРЫНА КАТЫШАТ


18-ноябрда Катар өлкөсүнүн Доха шаарында 15-Азия оюндарынын футбол боюнча иргеп алуу мелдештери башталат. Кыргызстандын футболчулары Азия оюндарынын таймашууларына алгач ирет катышууда. Алардын атаандаштары кимдер? Мына ушул суроо өлкөнүн футбол күйөрмандарын кызыктырып турат?

Алгач спорт күйөрмандарына түшүнүктүү болсун үчүн маалымат бере кетейин. Азия оюндары 4 жылда бир өткөрүлүп, кырк беш өлкөнүн спортчулары кыркка жакын спорт түрлөрү менен атаандашып жүрөт. Кыргызстан эгемендүү өлкө болгону 1994- жылы Хиросима шаарында өткөн 12-Азия оюндарынан бери үзбөй катышып келатат.

Бул жолку 15-Азия оюндары Катар өлкөсүнүн Доха шаарында 1- декабрдан 15- декабрга чейин болмокчу. Кыргызстандан Азия олимпиадасына спорттун 21 түрү боюнча 156 спортчу , 50 машыктыруучу жана бир нече спорт күйөрмандары катышат. Спорт жетекчилери, адистер 15ке жакын медаль утууну болжоп, анын үчөө алтын байге болсо деп үмүт кылып турушат.

Учурда кыргызстандык футболчулар Доха шаарына барып, акыркы машыгуусун өткөрүштү. Мурдакы Азия оюндарына Кыргызстандан спорт оюндары боюнча бир дагы команда катышкан эмес.

Өлкөнүн улуттук олипиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун айтымында Кыргыз спортунун тарыхында быйыл биринчи ирет футболдон команда катышууда.

Тилекке каршы каражат маселеси кендирди кескендиктен Улуттук олипиада комитети да, өлкөнүн спорт жана дене тарбия агентиги да футболчуларга жол кире маселесин чечип бере алган эмес. Кыргызстандын футбол командасына бул жолу да “Дордой” ассоциациясы демөөрчү болуп 20 футболчу жана машыктыруучу, дарыгер, команданын жетекчисине каражат жагынан жардам беришкенин Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков айтып берди.

Кыргызстандын футболчулары 15-Азия оюндарынын мыктыларын иргеп алуу таймашууларында Макао, Иордания жана Тажикстан менен бир топто атаандашат. Алгачкы беттешүү 18-ноябрда Макаонун футболчулары менен болот.

21- ноябрда Иордания менен футбол талаасында күч сынашат. Кыргызстандын негизги атаандашы Тажикстандын футболчулары менен 24- ноябрда чечүүчү беттешүү болмокчу. Бул топтон кайсыл мамлекеттин футболчулары биринчи орунду ээлесе мурдатан тандалган 14 команданын катарында 1-декабрдан баштап баш байгеге үчүн таймашууларга кошулат.

Мындан сырткары дагы Азияда футболдон чабалыраак Сирия, Индия, Ирак жана Сингапур өлкөлөрү да өзүнчө бир топко бөлүнүп, алардан дагы бир мыктысы финалдык мелдештерге кошулмакчы.
Бул жолу Кыргызстандын командасынын курамын Нарындын “Дордой-Динамо” жана Бишкектин “Мурас-спорт” командаларынын футболчулары түздү.
Футбол адистеринин айтымында Канттын “Абдыш- ата”, Карасуунун “Жаштык-Акалтын” жана башка командалардын мыкты футболчулары тандалма команданын катарына кирбей калышты.

Кабыл Макеш, Бишкек
XS
SM
MD
LG