Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

ТҮРК МАМЛЕКЕТТЕРДИН САММИТИ БАШТАЛДЫ


Анталияда бүгүн түрк тилдүү жумурияттардын саммити ачылды.

Анталия Жер ортолук деңизинин боюнда жайгашкан. Калаада азыр пальмалар жапжашыл болуп, цитрус бактарында үчтөн-бештен топтошкон лимон бышып турган кез. Ошентсе да, кеч күздө күн салкып, кара таандай каптаган туристтердин арасы күн санап суюлуп барат.

Дал ушул тапта шаарга мартабалуу коноктор келди. Бүгүн мында түрк тилдүү жумурияттардын чоң жыйыны ачылды. 14 жыл мурда маркум президент Тургут Озалдын демилгеси менен башталган мындай курултайлар азыр мурдагыдай зор кызыгууну пайда кылбайт, канткен менен түрк элдеринин ондогон жылдардан берки үзүл кезил мамилесин кыска убакта өөрчүтүп, өркүндөтүп жиберүү оңой эмес, анын үстүнө ар кыл гео-саясий кырдаалдар борбор азиянын түрк элдери көз карандысыздык алган алгачкы жылдардагы масштабдуу план-тилектердин дымагын бир топ басып койгонсуду. Муну Сегизинчи курултайга үч гана өлкөнүн казак, кыргыз, азери президенттери келгендиги да айгинелейт. Өзбекстандан парламент спикери бар, ал эми Түркмөнстан вице-премьерин, айрым маалыматтарга караганда, Анкарадагы элчисин жиберген.

Курултайда бүгүн түшкө чейин Кыргызстандын президенти сөз сүйлөдү. Ай башындагы коогалаңдуу толкундоолордон бери биринчи жолу чет өлкөгө чыккан Курманбек Бакиев түрк тилдүү боордош мамлекеттердин жана элдердин кызматташтыгын мындан ары да тереңдетүүгө жаңы дем берүү өзөчө мааниге ээ экендигин белгиледи. Бул тууралуу Бакиевдин маалымат катчысы Нурланбек Шакиев Азаттыкка Анталиядан телефон аркылуу билдирди.

Эки күндүк сүйлөшүүнүн жыйынтыгында декларация кабыл алынып, анда түрк тилдүү өлкөлөрдүн саясий-экономикалык алакаларын, маданий карым-катнаштарын чыңдоо мүдөөсү тастыкталат.

Курултайдын алкагында К. Бакиев Казакстандын президенти Н. Назарбаев жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG