Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:29

АЙРЫМ ДЕПУТАТТАР ПАРЛАМЕНТТИ ТАРКАТУУНУ СУРАНЫП ПРЕЗИДЕНТКЕ КАЙРЫЛЫШМАКЧЫ


Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жакынкы күндөрү парламентти таркатууну суранып президентке кайрылмакчы болуп атышат. Жаңы Конституция кабыл алынган Кыргызстан үчүн дал ушул күндөрү мыйзам чыгаруу бийлигинин ролу чоң, дешет байкоочулар.

Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин Кыргызстанда парламентти таркатуу чакырыктары кайрадан айтыла баштады.

Эми мындай демилге парламенттин өз ичинен чыгууда. Депутат Камчыбек Ташиевдин айтымында, 20га чукул депутат жакын арада ушундай сунуш менен президенке кат жолдошот:

- Жаңы Конституцияны кабыл алгандан кийин биздин бийлик бутактарынын ортосунда жаңы карама-каршылыктар пайда болду. Бул парламент дагы үч жыл иштей турган болсо, мамлекет ого бетер кризиске батат.

Депутат бул демилгени жыйырмадай депутат- парламенттин чейрек бөлүгү колдойт деп күтүүдө.

Балким чындап эле көпчүлүк депутаттар колдоп кетиши ыктымал. Себеби мурдараак мындай акцияларды бийликчил саясатчылар уюштуруп келсе, эми оппозициячыл депутаттардын арасында колдогондор чыкты.

«Реформа үчүн» кыймылынын өкүлү Мелис Эшимканов парламентте кризис бышып жетилип, жалаң саясий интригалардын чордонуна айланды деп билдирди.

Депутаттын пикиринде, жаңы Конституциянын чындап ишке кириши, мыйзам чыгаруу бийлигине профессионал, таза адамдардын келиши үчүн кайра шайлоого баруу оң.

Бирок парламентте тарап кетүүгө шашылгандардын катары калың деле эмес өңдөнөт.

Депутат Исхак Масалиев бул идеяны ашып кетсе 5-6 эле депутат колдошу ыктымал дейт:

- Кыргызстандагы саясий элитаны ого бетер ыдыратат. Парламентти тараткан күндө деле президентте мыйзам чыгаруу укугу жок. Жаңы Конституцияга ылайык парламентке шайлоо партиялык тизме менен болуш керек. Ал боюнча болсо азырынча мыйзам жок, анан кантип шайлоо өткөрөбүз.

Жаңы Конституциянын кабыл алынышы бийлик бутактарынын ортосундагы тирешүүнү жойо алган жок дешет байкоочулар.

Ушул кырдаалда парламентти таркатуудан мурда тез арада өкмөттүн курамын жаңылаган оң деген пикирлер арбын.

“Демократиялык күчтөр биримдигинин” теңтөрагасы Бакыт Бешимов өкмөттүн жаңыланышы кырдаалды жумшартып, жаңы Башмыйзамдын күчүнө киргендигин бир далили болот деп билдирди “Азаттыкка”.

Айрым саясатчылар парламент өлкө стабилдүүлүгүн бузган бир факторго айланды дешет. “Эркиндик” партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” ушундай оюн айтып, парламентти кризистен чыгарганга далалат кылып отурбай таркатып ийген оң деп билдирди.

Спикер Марат Султанов кечээ Санкт-Петербургдагы КМШнын парламенттер аралык жыйынына катышып жатып, Жогорку Кеңеште эч кандай кризис жок деди. Парламент жетекчисинин билдиргенине караганда, депутаттар алты ай ичинде 100гө чукул мыйзамды жаңы Конституцияга ылайыктап чыгышмакчы.


Чолпон Орозобекова , Бишкек

XS
SM
MD
LG