Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТҮШТҮК ЧЕК АРАЛАРЫНДА КӨЙГӨЙ КӨП


18-ноябрда Жалалабат облустук бийлигинде Түштүк Кыргызстандагы чек ара проблемаларына арналган тегерек үстөл кеңешмеси болуп өттү. Аны ЕККУнун жана республиканын тышкы иштер министрлигинин Ош шаарындагы өкүлчүлүктөрү уюштурду. Кеңешмеде айтылгандай, үч облустагы чек ара ызы-чуулары Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан Республикаларынын ортосундагы чек аралардын такталбагандыгынан болуп жатат. Суу жана жайыт, жарандардын коңшу мамлекеттерге каттоодогу көйгөйлөрү да баш ооруткан маселе. Карапайым адамдар «чек ара көйгөйлөрүн бир күндүк жыйын менен чечүү мүмкүн эмес» деп эсептешет.

ЕККУнун Оштогу бөлүмүнүн колдоосу менен чек ара жана ага жанаша жайгашкан айылдардын көйгөйлөрү изилденген. Өлкө жарандары Өзбекстан менен Тажикстанга өтөөрдө жана кайра кайтаарда түрдүү түйшүктөргө туш болушат. ОБСЕнин Оштогу өкүлү Жером Буйжу айткандай, чек ара көйгөйлөрү анын толук аныкталбагандыгынан келип чыгууда:

- Түйүндүү маселе чек аранын делимитация жана демаркация болбой жаткандыгында анклавдардын айланасындагы көйгөйлөр да олуттуу.

Ош облусунун губернаторунун орунбасары Болот Бүргөев көңүлдү «Кемпирабат» жана «Керкидөң» суу сактагычтарынын башы ачылбай, Карасуу районундагы Барак кыштагындагылар айыл чарба түшүмдөрүн сатып өткөрө албаган маселеге бурду:

- Барак анклавында жашагандардын пахтасын сатуу маселесин чечүү үчүн облбийлик Анжиян облакиминин орунбасары менен сүйлөшүүгө туура келет,- дейт Болот Бүргөев.

Чек ара такталбагандыгынан Жалалабатта жаңжал көп. Губернатор орунбасары Жаныш Курбановдун айтымында, 763 чакырым жердин башы ачылбай, паспорт чатактарынан улам чек ара айылдарында мал уурулук, суу, жайыт көйгөйү орчундуу:

- Ошол чегарада турган Өзбекстандын айыл өкмөттөрү Кыргызстандын айыл өкмөттөрү бири бири менен макулдашыш керек. Район менен район макулдашыш керек. Ошонун негизинде республика деңгээлде бир маселе чечилет эле.

Баткен обулусунда Орусияга иштеп кеткендер үй-жайларын тажикстандыктарга сатууда. Талаш жерге коюлган тажик чек арачылары ары-бери каттаган баткендиктерди мыйзамсыз текшерип, муш көтөргөн учурлары болгонун облбийликтин бөлүм башчысы Таштемир Эшалиев айтты:

- Биздин элдин чегарадан өтүшү кыйын. Ошол жерде күнүгө талаш-тартыштар болуп турат. Биз түнү-күнү эл менен иштеп атабыз. Баткен районунун Аксай айыл өкмөтүндө бир үй тажиктердики, бир үй кыргыздардыкы болуп курулган жерлер бар.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү чек ара чатактарын сүйлөшүү жолу менен чечүүнү сунуш кылышты. Жалалабат шаар тургуну Абдымомун Мамараимовдун оюнда талкууга коңшулар да чакыртылса дурус болмок:

- Бардыгы талкуулап, анык чечим кабыл алуу өтө кыйын нерсе. Бирок ошого карабай ушунчалык аракет кылып атканы жакшы. Бир тараптуу болуп калып атат, экинчи жакты укканга бизде мүмкүнчүлүк болбой атат.

Кыргыз өкмөтүндөгү регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчы Саламат Аламанов 1375 чакырым кыргыз-өзбек чек арасынын 993 чакырымы аныкталып, 58 жайды тактоо, 400 чакырымга жакын жер үчүн сүйлөшүү милдети тургандыгын билдирди. Жыйында өкмөт менен Жогорку Кеңешке кайрылуу кабыл алынды.

Ырысбай Абдыраимов, Жалалабат

XS
SM
MD
LG