Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:14

АФИША : МАДАНИЙ ОКУЯЛАР МААЛЫМАТЫ


Бүгүн Бакен Кыдыкеева атындагы мамлекеттик жаштар театры Жаныш Кулмамбетовдун чыгармасынын негизинде коюлган “Талант жана тагдыр” спектакли менен театралдык сезонун ачат. Бул туурасында аталган театрдын жетекчиси Темирлан Сманбеков билдирди. Мындан сырткары Кадыракун Мамбетакуновдун “Боз бойдок”, Жаныш Кулмамбетовдун “Чынгыз менен Бүбүсара”, тажик драматургу Жума Кудустун “Биз хандарды ойнойбуз”, Италия драматургу Верганын “Бөрү канчык”, Чынара Калыбекованын “Үмүт” спектаклдери тартууланат.


Эртең улуттук илимдер академиясынын алдындагы “Манас таануу жана көркөм маданият” улуттук борборунда 100 жылда даярдалып жарык көргөн 300 китептин көргөзмөсү болот.

Бул иш-чарага илимий ишмерлер, окумуштуулар, жогорку окуу жайларынын мугалимдери жана акын-жазуучулар чакырылдыю.

Жума күнү улуттук филармонияда акын, Кыргызстан Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты Турар Кожомбердиевди эскерүү кечеси болот. Маркумдун туулган күнүнүн 65 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан бул иш-чарада “Калемгер” адабий клубунун мүчөлөрү маркумдун ырларынан окушат.

Бейшембиде кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Майрамкан Абылкасымованын 70 жылдык мааракеси белгиленет. Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтүүчү бул иш-чаранын алкагында акындын пьесасынын негизинде коюлган “Атаке Баатыр” спектакли көрсөтүлөт.


Бишкектеги сүрөтчүлөр шаарчасы көркөм өнөр борборунда Рахат Итикеевдин живопись жана авангард стилинде тартылган сүрөттөрүнүн жана Нурбек Жолбуновдун териден, чийден, сөөктөн жасалган эмгектеринен турган көргөзмө өтүп жатат. Бул иш-чара 25-ноябрда жыйынтыкталат.

Ал эми Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде маркум сүрөтчү Джакул Кожакметовдун 85 жылдыгына арналган көргөзмө ачылат. Анда графика жана живопись жанрындагы сүрөттөр коюлат.

Бул жумада ошондой эле спорт ордосунда КРнын эмгек сиңирген артисткасы Гүлнур Сатылганова жеке концертин тартуулайт.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG