Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

ФРАНЦИЯДА ПРЕЗИДЕНТТИК КЫЗМАТ ҮЧҮН БИРИНЧИ ЖОЛУ АЙЫМ АТ САЛЫШАТ


Францияда келе жаткан жылы жазында 53 жаштагы Сеголен Руаяль Франциянын президенттиги үчүн ат салышат. Президенттик шайлоодо Социалисттик партиянын атынан талапкер болуу үчүн Руаяль башка атаандаштарын артта калтырып, партиянын 219 миң мүчөсүнүн добушуна ээ болду. Бул анын эң биринчи жеңиши. Бул жеңишти француз эли кандай кабыл алды? Руаяль Франциянын тарыхында эң биринчи Президент айым боло алабы?

Дайыма күлүмсүрөп жүргөн, сулуу 53-жаштагы Сеголен Руаяль Президенттике талапкер биринчи айым гана болбостон, француз тарыхынын феномени болуп калды. Себеби буга чейин Францияны эркектер гана башкарып келген. Добуш берүү укугуна француз аялдары 1944-жылы ээ болушкан, ал эми учурда Франциянын саясий чөйрөсүндө аялдар 12 гана пайызды түзөт.

Парзеглад гезити жазгандай франциянын саясий партиялары аялдын колуна бийликти бергенге караганда миллион евро айып төлөөнү артык көрөт. Мына эми тарых баракчалары бул өлкөнүн жаңы доорун жазышы мүмкүн. 16-ноябрда өлкөнүн күчтүү деп эсептелинген Социалисттик партиясы президенттикке өзүнүн талапкери катары Сеголен Руаяльды көрсөттү. Мурдагы экология жана билим берүү министри Сеголен Руаяль партия мүчөлөрүнүн 60.62% добушуна ээ болуп, негизги атаандаштары мурдагы каржы министри Доминик Строс-Канды жана экс-премьер Лоран Фабиусту утуп кетти.

Шайлоого партия мүчөлөрүнүн 82% катышты. Өзү туулуп өскөн Мель шаарында, анын тарапкерлеринин алдында чыгып сүйлөгөн сөзүндө Сеголен Руаяль шайлоодон кийин өз кубанычын жашырган жок:

- Бул шайлоодогу жеңиш үчүн мен өзүмдү абдан бактылуу сезип жатам. Мага жүктөлгөн жоопкерчиликти толук аңдап жатам. Эч качан жаңы идеялардан коркпогула. Француз эли реформаларга даяр. Алар жоопкерчиликти дайыма эле бир эле адамдар көтөрүүсүн каалашпайт.

Чындыгында эле бул жеңиш Сеголен Руаяль үчүн оңойго турган жок. Буга чейин коомдук пикирди билүү үчүн жүргүзүлгөн сурамжылоодо алдыңкы тизмеде ички иштер министри Николя Саркози, премьер министр Доминик де Вильпен, президент Жак Ширак келе жаткан. Ал эми өткөн жылдын декабрь айында баардык саясатчыларды таң калдырып бул тизмеге Сеголен Руаяль дагы кошулду. Албетте бул жөн жерден эле болуп калган жок. Бул тизмеге кирүү үчүн Сеголен Руаяль бир топ саясий кампанияларды өткөрүп, баардык массалык маалымат каражаттарына интервью берип келген.

Бир нече теле дебаттарда өзүн ишеничтүү алып жүргөн Сеголен Руаяль Жак Ширактын жубайы Бернадет Ширактын көңүлүнө толгону белгилүү болду. Бирок өзүнүн эле партиядагы санаалаштары Сеголен Руаялдын жеңишин колдошкон жок. Айрымдарынын айтымында анын эч кандай конкреттүү программасы жок. Ал эми мурдагы премьер Лоран Фабиус “Ал саясатка аралашса, балдарын ким карайт?” деген пикирин ачык айтты. Баса Сеголен Руаялдын 4 баласы бар. Франция эли болсо Сеголен Руаялдын жеңишин ар кандай кабыл алды.Кай бирлери кубанычта болуп, бул күндүн келишин абдан күткөнүн билдирсе, башкалары таң калуусун жашырган жок.

- Мени бул шайлоо абдан таң калдырды. Менимче ички иштер министри Николя Саркози менен Сеголен Руаялдын ортосунда бир топ күчтүү атаандашуу болот. Француз эли бул атаандашууну чоң кызыгуу менен байкайбыз,- деди Париждин тургуну.

Сеголен Руаяль бир топ саясий тажрыйбага ээ. Аны журналисттер абдан дымактуу жана эмгекчил деп сыпатташат. Сенегалда төрөлгөн Сеголен Руаяль Мамлекеттик администрациянын жогорку мектебин аяктаган. Ал кесиби боюнча политолог. Учурда “Ал азыркы президент Жак Ширакты алмаштырабы?” деген суроо Франциянын күн тартибинде турат.

Кыргызстандагы мамлекеттик эмес уюмдардын ассоциациясынын төрайымы, 2005-жылкы Кыргызстандагы президенттик шайлоодогу талапкерлердин бири Токтайым Үмөталиева Сеголен Руаялдын бул жеңишин кубаныч менен кабыл алганын жана эгер ал президент болуп калса Францияда көп көйгөйлүү маселелер чечилээрин Азаттыкка билдирди:

- Франция биз үчүн бул маданият, өнүккөн мамлекет болсо, азыркы кезде бийликтегилер өлкөнү башкара албай калышты. Этникалык суроолор дагы пайда болуп жатат. Ар кандай улутка бөлүнүү маселеси көтөрүлүп жатат. Мен ойлойм бул аял бийликке келсе кайнап өрттөнүп жаткан маселелердин туура чечилишине көмөк көрсөтмөк,-

Ошондой эле Токтайым Үмөталиева Кыргызстандын саясатында дагы аялдар көбүрөөк болгондо көп маселелер чечилмек деген пикирин ортого салды:

- Биздин аткаруучу бийликте кыз-келиндер дагы бир топ орчундуу маселелерди чече алат элек деп ойлойм. Азыркы кезде парламентте кыз-келиндер жок, орчундуу маселелерди чечүү мүмкүн болбой жатат. Парламентте бир дагы жолу балдар, аксакалдар, кыз-келиндердин маселеси же социалдык маселелер боюнча угуу болгонун мен көргөн жокмун ушул кезге чейин.

Адистердин айтымында эгерде Франциядагы президенттик шайлоодо Сеголен Руаяль, ал эми АКШда Лора Буш утса, анда дүйнөлүк саясатта Ангела Меркель баштаган жаңы доор өкүм сүрмөкчү.

Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек

XS
SM
MD
LG