Александр Литвиненко мурдагы КГБда, андан соң Россиянын федералдык коопсуздук кызматында иштеген. 2000-жылдардын башталышында ал китеп жазып, ФСБнын бир катар иштерин ашкерлеген. Литвиненконун айтымында, ФСБ 1999-жылы Москвадагы турак үйдү атайылап жардырган, олигарх Борис Березовскийдин көзүн тазаламак болгон. Чечендердин мурдагы президенти Зелимхан Яндарбиевди да Литвиненко ФСБ тындым кылган деп эсептейт.
Литвиненко 2001-жылы Лондонго качып өткөн жана кийин британ жарандыгын алган. Ушул айдын башталышында ал Лондондогу ресторандардын биринде италиялык Марио Скарамелла аттуу киши менен жолуккан. Литвиненконун айтымында, Марио ага журналист Анна Политковскаяны тындым кылган адамдар тууралуу жашыруун маалыматтарды бермек болгон. Марио ресторанда тамак жегенден баш тарткан, алактап, тынчы кетип отурган. Бирок мунун алдында Литвиненко россиялык дагы бир адам менен жолугуп, чай ичкен экен. Ошонун эртеси анын абалы кескин начарлап,ооруканага жеткирилген. Врачтар анын таллий менен ууланганын тастыкташты. Литвиненконун жакын досторунун бири Алексей Голдфарбдын айтымында, кандын составындагы таллийдин деңгээли нормадагыдан үч эсе көп болуп чыккан. Литвиненко жыйырма күндөн бери наар ала элек, тили булдуруктап, чачы түшө баштады. Врачтар анын аман калышына жарым-жартылай гана кепилдик бар дешет.
Эгер Литвиненко чын эле таллийге ууланса, анда бул кишти ким жасады? Британ гезиттерине берген интервьюларында Литвинeнко өзү Мариодон шек санабай турганын айтыптыр. Тескерисинче, ал берген маалыматтарды айыккан соң “Новая газетага” берип,коомчулукка шардана кылганга ниеттенип жатат. Марио Скарамелла - Италияда КГБнын иштерин иликтеген парламенттик комиссиянын мүчөсү,бир нече ирет Москвада болуп,ФСБнын жетекчилери менен да жолуккан.
Советтик КГБнын мурдагы офицери,1985-жылы Британияга качып өткөн Олег Гордиевский бул окуянын Политковскаянын ишин иликтөөгө эч кандай тиешеси жок деп эсептейт. Марио Литвиненкого эч кандай деле маанилүү документ берген эмес, аны Литвиненко окуганга да үлгүргөн жок, дейт ал. “Таллийди КГБ гана колдоно алат,аны аптекадан, ооруканадан, эч жерден сатып алалбайсың. Муну КГБ (ФСБ) өкмөттүк деңгээлде макулдашып, уюштурганы калетсиз”,- дейт Гордиевский.
Британдык эксперттердин бири Жеймс Никси бул ишти россиялык атайын кызматтар жасаган күндө да ага эң жогорку деңгээлдеги адамдардын тиешеси болгону кадиктүү деп эсептейт. “Россияда улутчул жана протекционистчил күчтөр көп, бир болсо бул иш ошолордун колунан келген болуу керек”, дейт Никси.
Россиянын Лондондогу элчилиги, Кремлдин ырасмий өкүлү, ФСБнын басма сөз катчысы бул ишке россиялык атайын кызматтардын тиешеси жоктугун айтып, муну ФСБдан көрүп жаткан пикирлерди “акылга сыйбаган ырастоолор” деп аташты.
Эсенбай НУРУШЕВ, Прага