Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

МАСКӨӨДӨ МУРДАГЫ «ТООЛУК» АТАЙЫН ОТРЯДЫНЫН БАШЧЫСЫ ЖОК КЫЛЫНДЫ


Москвада ишемби күнү атып өлтүрүлгөн Чеченстандын мурдагы «Тоолук» аталыштагы отрядынын башчысы Мовлади Байсаровдун жакындарына жумурияттын президенти Алу Алханов кечээ көңүл айтты. Ырасмий маалыматка караганда Байсаров, чеченстандык милиционерлер менен москвалык тартип коргоо кызматкерлери өзүн кармаганы келгенде, аларга кол кайырып, кармашуу башталганда жок кылынган. Байсаров саал мурдараакта өкүмөт башчы Рамзан Кадыров менен кырды бычак мамиледе болгондугун жана кимдир бирөөлөр анын артынан түшүп аңдып жүргөндүгүн айткан. Ошол эле учурда Байсаровго киши уурдоо уюштурган, киши өлтүрткөн деген кине коюлуп келгени айтылууда. Байсаровдун киши колдуу болуп өлгөндүгү боюнча Москванын Түштүк округунун прокуратурасы кылмыш ишин козгогон.

Орусиялык басылмалар кезегинде (ФСБ – ММ) федералдык коопсуздук кызматына баш ийип ишкердик кылып келген Чеченстандын «Тоолук» аталышта тандалган аскерий топтун жетекчиси Мовлади Байсаровду кармоо болбой эле аны табылган жерден жок кылуу болгондой деген ой айтышууда.

Саясий анализчи Алексей Вашенконун түшүндүрүүсүндө демейде бир эле жолу ФСБнин кызматын кылып калган киши анын катарында кала берет. Бирок бул жолу андай болгон эмес: «ФСБнын кызматкери, офицери (Байсаров – ММ) Маскөөнүн так ортосунда өлтүрүлүшү – бул эч убакта мурда болуп көрбөгөн жорук!»

«Ведомости» жазганга караганда «Байсаровдун өлүмү – чечендердин ички кармашынан келип чыккан». Ал эми «Коммерсант» гезити: «Кантсе да Байсаровду жок кылуу ФСБ аны кайтарып жүрүүчү кишилерди алып ташташынан улам мүмкүн болгон», - деп жазат.

Экинчи Чеченстан согушунан тартып федералдык күчкө кызмат кылып келген Байсаровду 2006-жылдын январында өкүмөт башчы Рамзан Кадыров атайын аскерлерин таркатуу үчүн буйрук берген.

Бирок Байсаровдун «Тоолук» тобу куралын бийликке өткөрүп берүүдөн баш тарткан. Бир маалыматта аларды кызматка орноштурууну Маскөө да ойлонуштуруп аткан. Грозныйдын Старопромысловский районунун прокуратурасы октябрде 10 кишини өлтүргөн деген шек менен иликтөө жарыялап, Мовлади Байсаровду табуу иши башталган.

Басылмаларда 15-ноябрде анын «Тоолук» аталыштагы тандалган аскерлери бийликке куралын өткөрүштү, алардын башынын аман болушу үчүн Рамзан Кадыров кепилдик берди деп жазышты.

РИА новости жазганга караганда «18-ноябрде Маскөөнүн Ленин атындагы проспектисинен чеченстандык милиционерлер кечки саат алты ченде Байсаровду атып кетишкен».

Чеченстандык саясий талдоочу Руслан Мортагов пикири боюнча мындай жорук Маскөөнүн азыркы бийликти колдоого алуусунан улам болуп аткан нерсе:

«Биз эмне гана болбосун жасай алабыз, «биз» деп мен азыркы туштагы Чеченстандагы режимди колдогондорду айтамын», -деди Руслан Мортагов кечээ «Азаттыкка» берген жообунда.

Чеченстандык жаатташкандардын Маскөөдө атышуу уюштурушу өзгөчө жорук болгонун кеп кылгандар да бар.


Муса Мураталиев, Маскөө
XS
SM
MD
LG