Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:00

КАЗАК ПРЕЗИДЕНТИ МАМЛЕКЕТТИК САПАР МЕНЕН ЛОНДОНГО КЕЛДИ


20-ноябрда казак президенти Нурсултан Назарбаев мамлекеттик сапар менен Улуу Британияга келди. Байкоочулардын пикиринде, бул визит көптөгөн мааниге ээ.

Сапар үч күнгө уланат, 21-ноябрда Назарбаев падыша Элизабет Экинчи менен, андан соң премьер-министр Тони Блэр менен жолугат. Кечинде казак президенти каржы министри Гордон Браун менен дагы кездешип сүйлөшөт, көпчүлүк эксперттер Браунду - Тони Блэрден кийин премьер боло турган адам деп эсептейт.

22-ноябрда Назарбаев Лондон биржасынын ишин салтанаттуу ачат, андан соң Европадагы кайра куруу жана өнүгүү банкынын жетекчиси Жан Люмиер жана Лондон шаарынын мэри Кен Ливингстон менен сүйлөшөт жана кечинде британиялык ишкерлер менен жолугат.

Батыш эксперттеринин айтымында, бул сапардын көптөгөн мааниси бир. Биринчиден, ал экономикалык жактан өтө маанилүү - Казакстандын мунай байлыктары азыр эл аралык базарга негизинен Орусиянын аймагы аркылуу жаткырылган куурлар менен жеткирилүүдө жана Батыш мамлекеттери мунайды - Орусия аркылуу эмес, Бакы-Тбилиси-Жейхан кууру менен жана, эң негизгиси, - Кытайга эмес, Батышка жиберүүгө көндүрүүгө аракеттенүүдө.

Сапардын саясий мааниси дагы зор. Казакстан азыр - Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунда 2009-жылы төрагалык кылууга аракеттенүүдө жана Батыш жетекчилери менен сүйлөшүп, ага колдоо издеп жатат. Эң негизгиси болсо, Назарбаев Батыш мамлекеттери жана алардын жетекчилери менен жолугуп, тыкыз мамиле түзүп, Казакстанды өнүккөн жана демократиялык мамлекет катары көрсөтүүгө аракеттенип жатат.

Лондон шаарындагы "Экономист" изилдөө тобунун эксперти Дафне Тер-Закарияндын айтымында, Казакстандын кадыр-баркын көтөрүү - Назарбаевдин негизги максаты: "Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму үчүн талапкерлигин Батыш тааныса деп Казакстан өтө катуу аракеттенүүдө, андан тышкары казак жетекчиси Батыш мамлектетеринин борборлоруна келип, Казакстан демократиялык мамлекет болуп баратканын жана аны менен кызматташуу мүмкүн жана пайдалуу экенин Батышка көрсөтүүгө өтө кызыкдар", - дей Тер-Закариян.

1985-жылы СССРдин жетекчиси болуп Михаил Горбачев шайланганда, анын дагы эл аралык кадыр-баркынын көтөрүлгөнү - Лондон шаарына келип, Британиянын ал кездеги премьер-министри Маргарет Тэтчер менен жолугуп, ага жагып калгандан кийин башталган. Жакында Назарбаев АКШга барганда дагы ушул маселелерди чечүүгө аракеттенген.

АКШда америкалык ишкер Жеймс Гиффенге каршы сот иши аяктай элек, ал болсо казак жетекчилерине миллиондогон доллар пара берген деп күнөөлөнүүдө. Быйыл февралда Казакстанда оппозициялык саясатчы Алтынбек Сарсенбаев өлтүрүлгөндөн кийин жана былтыркы президенттик шайлоо демократиялык болгон эмес деп Батыш тарабынан таанылганы Казакстандын кадыр-баркын бир топ солгундаткан.

Көптөгөн эксперттин пикиринде, эң биринчи кезекте Батыш мамлекеттерин Казакстандын Маскөө менен ысык өнөк болгону тынчсыздандырат. Үстүбүздөгү жылы Астанага АКШнын вице-президенти Дик Чейни келгенде Орусиянын демократиялык жолдон тайганын катуу сынга алып, Казакстанды мактаганын бардык батыш байкоочулары ошол себеп менен түшүндүргөн. Экинчи жагынан, таза экономикалык себептер дагы бир топ орчундуу, мисал үчүн, Улуу Британия тараптан казак экономикасына салган инвестициялар беш жарым миллиард долларга жетти.



Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG