Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР: СУТАЛИНОВ ЖОСУНСУЗ ЖОРУГУ ҮЧҮН ЖООП БЕРСИН!


«Интербилим», "Адамзат ден соолугу", «Адам жана укук» уюмдары баш болгон жарандык коом өкүлдөрү Президентке, Өкмөткө жана Баш прокуратурага кайрылып, УКК төрагасы М. Суталиновдун жоругуна укуктук жана моралдык баа берүүнү жана тийиштүү чара көрүүнү талап кылып жатышат. 7-ноябрда М. Суталинов митинг учурунда бир колун билегинен өйдө экинчи колу менен кармап көтөрүп, уят-сыйытсыз белги көрсөткөнүн НТС телеканалы тартып алып көрсөткөн болчу. Ошондой эле анын оозунан нормативдик лексикага сыйбаган ыплас сөздөр айтылганына телевидение аркылуу жалпы журт күбө болгон. Бейөкмөт уюмдар жогорку даражалуу кызматтагы адамдын мындай жүрүш-турушун мамлекеттик кызматтын этикасын бузган жосунсуз жорук катары айыптап, анын элден кечирим сурашын жана ага тийиштүү чара көрүлүшүн талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG