Мамлекет башчысы Курманбек Бакиевдин атына жолдонгон кайрылуунун негизги мазмунунда губернатор Жантөрө Сатыбалдиев ноябрь айынын башындагы коомдук саясий кырдаал курчуган учурунда кызмат ордунда болбогондугу мисал келтирилип, анын жоопкерчиликсиз, ишенимсиз жана саясий туруксуз жетекчи катары сынга алынган. Мындан сырткары губернатор принциби жана саясий позициясы түшүнүксүз саткын саясатчы катары айыпталган.
-Баарыбыз бир добуштан бул кишинин чоң кызматка отурганга моралдык укугу жок деп кабыл алдык. Ушул киши тез аранын ичинде иштен алынышына президентке талап койдук. Эгер талап тез аранын ичинде аткарылбаса, дагы бир чоң митингдер, жүрүштөр менен коштолот,- деди “Марттагы элдик ыңкылап” коомдук бирикмесинин төрагасы Тимур Камчыбеков.
Жантөрө Сатыбалдиевдин жактоочулары болсо аталган кайрылуунун артында ири саясий күчтөрдүн колу жаткандыгын белгилешип, калыс жана ортомчу позицияны тутунган жетекчини учурдан пайдаланып оодарып түшүү аракети күч ала баштагандыгын айтышууда.
Облакимчиликтин аппарат жетекчиси Турат Исамилов кабыл алынган кайрылуунун мазмунунда келтирилген мисалдар негизсиз жана облус жетекчисинин беделин түшүрүүгө жасалган аракет деп билдирди:
- Ошол күнкү парафированный комиссияга Ош облусунун губернатору Сатыбалдиев катышкан. Бул жерде дагы бир фактысы жүрөт, Эшимканов келип чоң конок болгон деп. Мен билгенден алты айдан бери Эшимканов келген эмес. Ал киши Ош жакка келди деген сөздү мен уккан жокмун. Ошого окшогон бир топ туура эмес фактыларды келтирип атыптыр. Бул маселени ким уюштурган, кандай болгонун тактап, иликтейбиз.
Жантөрө Сатыбалдиевди кызматтан четтетүү талабын койгон кайрылууга “Жаңы Кыргызстан”, “Коммунисттер”, “Эмгек жана биримдик”, “Кыргызстан демократиялык” кыймылы саясий партияларынын жергиликтүү бөлүмдөрү жана Баткен окуяларынын катышуучулар коому, Ооганчылар кошуну сыяктуу ондон ашуун бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү кол коюшкан.
Ош облустук акимчилигинин маалымат катчысы Алишер Токсонбаев ар бир өкүл ишенимдүү документтерисиз аталган коомдук уюмдун жана саясий партиянын атынан кол коюуга акысы жок деген оюн ортого салды: - Кайрылууда жазып атышат бей өкмөт уюмдардын атынан, партиялардын атынан. Бирок жеке жетекчилер партиянын бүтүндөй мүчөлөрүнүн атынан чыкканга акысы жок менимче. Алар менен кеңештиби, бул ошолордун жалпы мүчөлөрүнүн пикирин билдиргени, бул жагынан менин күмөнүм бар.
Губернатор Жантөрө Сатыбалдиевди кызматтан чететтүү талабын койгон кайрылуу 21-ноябрь күнү мамлекет башчысына жөнөтүлдү.
Губернатор Жантөрө Сатыбалдиев өзү болсо учурда Кытайда атайын иш сапары менен жүрөт.
Кубанычбек Жолдошев, Ош