Белгилүү олигарх-качкын Борис Березовский өз жарандарын коргой албаганы үчүн британ өкмөтүн айыптады. “Литвиненкого саясий баш калка берилген,эки ай мурда ал британ жарандыгын алган. Демек, бул иш Кремлдин британдыктарга каршы жасаган кыянатчылыгын билдирет”, - деп айтты Березовский.
Кремлдин басма сөз катчысынын орунбасары Дмитрий Песков мындай кинелерди караманча четке какты. “Кремлге асылган мындай айыптоолорго кандайдыр бир жооп айтуунун зарылдыгы жок,анткени бул ишке россиялык атайын кызматтардын тиешеси бар дегендин өзү жөн эле бир жөөлүгөн кеп”, - деди Песков.
Эмнеси болсо да көпчүлүк байкоочулар Литвиненкого байланыштуу иштен “кансыз согуш” жылдарында советтик КГБ колдонгон ыкмаларды көрүп жатышат. Ушундан улам Ройтерс маалымат агенттиги Чыгыш Европанын соңку кырк жылдай тарыхында ушундай усул менен биринчи ирет 1978-жылы болгар диссиденти Георгий Марков Лондондо тындым кылынганын эске салат. Атайын тапшырык алган жансыздардын бири кол чатырдын учундагы ууланган ийне менен Марковду балтырга сайып кетет. Ал үч күн бою тынбай окшуп,безгектеп жатып каза болот.
1994-жылы Германияда сот Петер Хаак аттуу адамды андан он үч жыл илгери чыгыш германиялык диссидент Волфанг Велшти ууктуруп өлтүргөнгө аракет кылган деп айыпка жыккан. Хаак ошо кездеги ГДРдын жашыруун полициясы – Штазинин тапшырмасы боюнча Израилге аялы жана кызы үчөө эс алганы келген Велш менен таанышып,бир күнү алардын оокатына байкатпай таллий кошуп коет. Велштер Израилден келери менен доктурларга кайрылып, дарыгерлер аларды аман алып калат.
1995-жылы Россияда банкирлер менен бизнесмендер уюштурган ишкерлердин Тегерек үстөлүнүн төрагасы Иван Кивелиди тамактан ууланып каза болгон. Медициналык экспертиза анын канында минералдык оор туздун деңгээли нормадагыдан бир нече эсе көбөйүп кеткенин көрсөткөн. Доктурлар муну ууга жорушкан.
Россиялык белгилүү публицист, Думанын депутаты Юрий Щекочихин 2003-жылы жайда куландан сопсоо жүрүп эле бир күнү денесин бүртүктөп чыккан ыйлаак жара каптап кетип, ошонун айынан тез эле каза болот. Журналисттин үй-бүлөсү менен достору аны диоксинге ууктуруп салышкан деп эсептешет. Щекочихин ошо кезде 1999-жылы Москвадагы турак үйлөрдүн бирин жардырган адамдардын сары изине түшүп, иликтеп жүргөн эле.
Акырында Украинанын азыркы президенти Виктор Ющенконун окуясын эстөөгө болот. 2004-жылы президенттикке талапкер кезинде ал коопсуздук кызмат жетекчилери менен бир үстөлдө түштөнүп, ошондон кийин осолдоп,ооруп калган. Доктурлар анын диоксин менен ууланганын аныкташкан.
Эсенбай НУРУШЕВ, Прага