Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:13

Москвада кыргыз жигитти скинхэддер сабап кетишти


Өткөн жекшемби күнү Москванын чет жакасындагы электричкада 23 жаштагы Чынгыз Кайыпов деген жигитти скинхэддер сабап кетишти. Кайыпов азыр эсине келбей ооруканада жатат. Полиция аны электричкада бараткан башка жүргүнчүлөр арачалап калбаганда, ал өлүп калышы ыктымал эле, дейт. Анын аралыгында полиция Кайыповду сабаган деген шек менен төрт москвалык студентти кармады. Укук коргоочулардын айтымында Россияда улутчулдардын колунан быйыл эле 39 киши курман болду.

XS
SM
MD
LG