Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

ЛИВАНДА КЫРДААЛ КЫЙЫНДАП БАРАТАТ


Ливанда өнөр жай министри Пьер Жмайелдин өлүмүнөн улам саясий кырдаал кескин курчуду. Жмайел жергиликтүү христиан жамагатынын лидери жана антисириялык күчтөрдүн тарапкери болгон. Ал ошондой эле өлкөнүн мурдагы премьери Рафик Хариринин өлүмүн териштирүү боюнча эл аралык трибунал түзүү планын жактаган. Трибунал тууралуу маселе алдыдагы күндөрдө Улуттар Уюмунда талкууланмак. Ливандагы жагдайга байланыштуу “Азаттыктын” кабарчысы Жулиа Корвин Жакынкы Чыгыш боюнча Вашингтондогу саясий изилдөө институтунун эксперти Дэвид Шенкер менен маектешти.

Ливандагы жагдайды Дэвид Шенкер демократияны жактаган антисириялык кыймылдын кыйын кезеңи таризде мүнөздөдү. Шенкердин болжолунда, эми өкмөт да кулашы мүмкүн. Бери эле дегенде кабинеттеги сириячыл алты министр кызматтан кетсе, өкмөттү кайра шайлап,жаңы премьер-министр дайындоого туура келет. Сириячыл министрлер деп Шенкер “Хезболланын”, “Амалдын” жана башка уюмдардын өкмөттөгү өкүлдөрүн айтып жатат.

Жмайелдин өлүмүнөн Шенкер сириялыктардын кызыкчылыгын көрөт. Мунун баары мурдагы премьер Хариринин иши боюнча эл аралык трибунал менен байланыштуу, дейт Шенкер. Улуттар Уюму бул маселени толук жана кеңири масштабда иликтеп, каражат аябай, иштин чындыгына жеткени керектүү бардык ыкмаларды колдонуп жатканын таасын түшүнүп,сириялыктар кандай да болсо бул процессти ооздуктап, эл аралык трибунал түзүлүшүнө кедерги болууну чечишкен сыяктанат.

Сириялыктардын тактикасына токтолуп, Шенкер бул максатта алар Ирактагы абалды пайдалана баштаганын белгиледи. “Алар Багдадга барып, эми мамилелерди оңдогубуз келет, биз силерге жардамдашууну каалайбыз, атүгүл бу жагынан АКШ менен сүйлөшкөнгө да даярбыз деп ирактыктарды ишендиргенге дама кылууда”, дейт Шенкер.

Шенкер Ливандагы кырдаал ич ара согушка айланып кетиши ажеп эмес деп болжолдойт. “Хезболла” өз тарапкерлерин көчөлөргө чыгарганы турат,атүгүл ал ливандыктарды кызыл кыйма абалга салгысы келбеген күндө да өлкөдөгү шейиттер менен сүннүлөрдүн чатагын пайдаланганга дайыма мүмкүндүк калат. Шейиттер христиандар бар жерде газават чыгарганга даяр, мунун айынан абал көзөмөлдөн чыгып кетиши ыктымал. Иши кылып, Ливандагы кырдаал азыр өтө туруксуз, дейт Шенкер.

Эсенбай НУРУШЕВ, Прага

XS
SM
MD
LG