Алмаз таштары, өзөндөрдө жашаган чаян, армян коньягы: булар мурдагыдай эле Армениянын экспортунун негизги товарларын түзөт. Бирок акыркы убакта өлкөнүн экономикасында кыйла өсүш байкалууда. Дүйнөлүк Банктын маалыматы боюнча, былтыр экономика 14 процентке өсүп, чет элдик инвесторлордун кызыгуусун күчөттү.
Армян саясатчылардын пикиринде, мындай ийгилик өлкө Россия жана АКШ сыяктуу чоң оюнчулардын кызыкчылыктарын өз кызыкчылыгы менен айкалыштыра алгандыгынын арты менен мүмкүн болду.
Андан сырткары Армения башка өлкөлөрдө жашап аткан миллиондогон армяндардын тарыхый мекени экенин унутпоо керек. Чет элде жашаган армяндар үйлөрүнө жылына 1,5 миллиард доллар өлчөмүндө акча жиберип турат, бул өлкөнүн жылдык мамлекеттик бюджетине барабар. Бирок армяндардын көпчүлүгү мекенине кайтууну каалашпайт, алар бул өлкөдө балдардын келечеги жок экенин айтышат.
Анысы да түшүнктүү Арменияда демократиялык эркиндиктер барган сайын чектелип, коррупция күч алууда. Өлкө мунайга бай кошунасы Азербайжан менен согуш абалында кала берүүдө.
Бирок Армениянын эң чоң коопсуздук проблемасы -бул энергетика тармагы. Өлкөнүн бул сектору, атап айтканда, Медзимор атомдук электростанциясы, жылуулук станцияларды менен электроэнергияны бөлүштүрүү ишканалары Россиянын колунда. Айрым байкоочулар маанилүү сектордун Россиянын колуна өтүүсү орус аскерлеринин Арменияда жайгаштырылуусунан да коркунучтуу, дешет.
Муну түшүнүп турган армян жетекчилиги өлкөдө жаңы гидроэлектростанцияларды жана жылуулук станцияларын салууну караштырууда. Ал ошондой эле кошуна Ирандан Арменияга тартылып келаткан газ куурунун бүткөрүлүшүнө чоң үмүт артат. Армениянын тышкы иштер министри Армен Байбуртян муну Армениянын "комплиментардык саясатынын" ийгилиги катары сыпаттайт.
"Өлкөнүн Россия, АКШ, Еврошаркет жана Иран менен канчалык жакшы мамиледе тургандыгын сүрөттөө кыйын. Эки жыл мурда Ирандан газ куурун тартып келүү жөнүндө сөз кылганыбызда баары муну ишке ашкыс кыял катары баалашкан. Бирок газ куурун тартып келдик, ал эки айдын ичинде ишке берилет,- деп айтты министр.
Баян Жумакадыр кызы, Прага