Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:07

КАЗАК ПРЕЗИДЕНТИНИН БРИТАНИЯДАГЫ САПАРЫ УЛАНУУДА


Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин Улуу Британияга болгон сапары уланууда. 21-ноябрда ал падыша Элизабет Экинчи жана премьер-министр Тони Блэр менен жолуккан, 22-ноябрда болсо ишкерлер менен кездешти.

20-ноябрда Британияга келген Нурсултан Назарбаев 22-ноябрда эртең менен Лондон биржасынын ишин салтанаттуу түрдө ачты, андан соң Лондон шаарынын мэри Жон Стаддэрд менен жолукту. Жолугушуудан кийин Назарбаев журналисттерге - Казакстан азыр Шериктештикке кирген жумурияттардын ичинде эң ыкчам өнүгүп жаткан мамлекет экенин билдирди.

Анын айтымында, эмдиги жылы Казакстанда адам башына туура келген дүң өндүрүштүн үлүшү 6200 долларга жетет жана бир дагы башка жумурият мындай көрсөткүчкө ээ эмес. Өлкөнүн алтын жана валюта кору 25 миллиард доллар болду, ал эми казак экономикасына тартылган инвестициялар 125 миллиард долларга жетти, анын 50 миллиарды чет өлкөлөрдөн келди, калган 75 миллиард долларды казак өкмөтү өзү салды.

Кечинде Назарбаев Лондон мэриясынын имаратында ишкерлер үчүн уюштурулган семинарга катышты. Семинар мэрия имаратында өткөрүлгөндүктөн, ал бир топ жогору мааниге ээ болду, ага үч жүзгө жакын британиялык ишкер катышты, андан тышкары Назарбаев менен кошо кедген ири казак компанияларынын жетекчилери жана Казакстан менен кызматташып жаткан батыш фирмаларынын өкүлдөрү дагы катышып, сөз сүйлөдү.

Назарбаевдин айтымында, Батыштагы айрым адамдар Казакстанды эмгиче мурдагы советтик жумурият деп эсептейт, чындыгында ал азыр такыр башка мамлекет: "Казакстан азыр - Советтер союзунун дагы, Орусиянын дагы бөлүгү эмес жана аны - биздин айланабыздагы башка 'стандар' менен чаташтырбаш керек. Өзүңөр көргөндөй, Казакстан азыр - анда либералдык саясат, либералдык экономика өмүр сүргөнү менен өзгөчөлөнөт жана биз - региондун башка мамлекеттеринин баары биздин жолду жолдоп, биздин үлгү менен өнүккөнүн каалайбыз, анткени биз - кошуна мамлекeттерге караганда өз калкыбызга жакшы шарт түзгөнүбүздү далилдедик", - деди Назарбаев Лондондогу жыйында.

Жыйында батыш фирмаларынын өкүлдөрү дагы сүйлөп, Казакстанды мактап, анын жетекчилиги чет өлкөлүк ишкерлер үчүн өтө жакшы шарт түзгөнү жөнүндө айтты. Айрым башка Батыш ишкерлери менен саясатчыларынын пикиринде, алар Казакстандын - Европаны мунай жана газ менен камсыз кылган Орусиянын ордун баса турган мамлекет болгонун каалайт: "Казакстан Европа үчүн - Орусиядан башка кубат булагы болууга тийиш. Азыр ал Батышка мунайды Орусиядан өзүнчө жибере баштады, казак мунайы азыр жаңы куур менен Жер ортолук деңиз аркылуу Роттердамга чейин жетип калды", - деди "Шелл" компаниясынын Казакстандагы бөлүмүнүн башчысы Мартин Фөрст.

Үстүбүздөгү жылдын башында Маскөө менен Киев ортосунда чатак чыккандыктан айрым европалык мамлекеттер эки күнгө газсыз калгандан кийин айрым Батыш саясатчылары Орусияны "жоопкерсиз мамлекет" деп да атаган. Ошондуктан, мисал үчүн, АКШ вице-президенти Дик Чейни жакында Маскөөнү катуу сынга алып, Астананы эбегейсиз мактаган.







Нарын АЙЫП, Прага

XS
SM
MD
LG