Ирак президенти Жалал Талабани Тегеранга 25-ноябрда бараары күтүлүүдө жана Иранда ал 3-4 күн болот. "Ассошиэйтед пресс" агенттигинин билдиргенине караганда, ошол эле күндөрү Иранга кошуна Сириянын президенти Башар ал-Ассад дагы чакырылды, ошондуктан Тегеранда үч-тараптуу бийик жолугушуу да уюштурулушу мүмкүн. Ал тууралуу Ирак парламентинин депутаты Али ал-Адиб дагы 22-ноябрда билдирди.
Эгер андай саммит өткөрүлсө, башка маселелердин арасында Ирактагы абал жана бул өлкөдөгү жагдайды калыбына келтирүү маселелери талкууланаары бышык. Акыркы мезгилде Батыш мамлекеттери жаңы демилге көтөрө баштады, ошондуктан андай сунуштарды кошуна мамлекеттер кеңири жана терең талкуулай турганы жана андан өздөрүнө пайда табууну көздөгөнү түшүнүктүү нерсе.
2003-жылы Иракка каршы согуш баштаганга чейин АКШ президенти Жорж Буш дүйнөдөгү үч мамлекетти "балакеттин өзөгү" деп атаган. Ал үч мамлекеттин экөө - Иран менен Сирия. Бирок Ирак согушу үч жарым жылдан бери уланууда жана өлкөдөгү абал улам начарлап баратат, ошондуктан айрым Батыш эксперттери - жагдайды оңдоо үчүн сүйлөшүү жараянына дал ошол Сирия менен Иранды кошуу керек деген демилге көтөрө баштады.
Ал тууралуу жакында британ премьер-министри Тони Блэр дагы айтты, Ирак маселеси боюнча АКШ Конгресси түзгөн атайын көз карандысыз комиссия дагы жакында президентке ошондой сунуш жасайт деп күтүлүүдө. Ал комиссияны мурдагы мамлекеттик катчы Жеймс Бейкер жетектейт.
АКШ үчүн мындай кадамга баруу оңой болбойт, буга чейин Вашингтон Дамаскты да, Тегеранды дангы - Ирактын ички иштерине кийлигишип, суннилер менен шийилердин өз-ара кагылышууларын козутуп жатат деп күнөөлөп келген. Ал тууралуу 15-ноябрда мамлекеттик катчы Кондолиза Райс дагы айткан. 21-ноябрда Бейрут шаарында кошуна Ливандын өндүрүш министри Пьер Жмайель өлтүрүлгөндө дагы, анын артында Сирия турат деген пикирлер айтыла баштады.
Бирок АКШда 7-ноябрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо президент Буштун Республикалык партиясы утулуп, Конгресстеги эки палатадагы тең көпчүлүктү колдон чыгаргандан кийин абал өзгөрдү жана бийликке келген Демократиялык партия Вашингтондун Ирак саясатын өзгөртүүнү талап кылууда. Президент Буш болсо - Бейкердин комиссиясы кандай сунуш айтаарын күтүп жатат.
Ирак президентинин басма сөз катчысы Камран ал-Карадагинин айтымында болсо, Тегеран жолугушуусунда бардык мүмкүн болгон маселелер талкууланат: "Президент Тегеранда бардык маселелерди толук ченемде талкуулайт жана анын өкүлчүлүгүнө саясий, коопсуздук, соода, экономика, мунай маселелери боюнча адистер киргизилди. Мурдагы режим бийликтен кулатылгандан кийин Ирактагы саясий жагдайды калыбына келтирүү иштерине кошуна Иран көрсөткөн көмөктү Багдад дайым жактырган жана дагы боло турган жардамды жогору баалайт, өзгөчө ал террорчулукка каршы күрөш жана коопсуздукту камсыз кылуу менен байланыштуу", - дейт Карадаги.
Нарын АЙЫП, Прага