Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

ЕВРОБИРИМДИКТИН БҮГҮНКҮ САММИТИ ОРУСИЯ МЕНЕН ЖАҢЖАЛДЫ ЧЕЧЕ АЛАБЫ?


Орусия келерки жылдын 1-январынан тарта Евробиримдиктен келип жаткан кандай гана малдын эти болбосун, аны сатууга тыйуу салышы мүмкүн экенин эскертти. Буга Румыния менен Болгарияда бодо мал арасында жайылган ооруу себеп болду. Аталган эки мамлекет тең 2007-жылдын башынан тарта Евробиримдикке толук мүчөлүккө алынышы күтүлүүдө.

Орусия былтыр Польшадан келчү этти да сатууга тыйуу салып койгон болчу. Буга жооп иретинде Польша быйыл Евросоюз менен Орусия ортосунда кызматташтык боюнча келишимдин мөөнөтүн узартууга каршы экенин айтып, вето салып койду. Ушу тапта Евробиримдик Польшаны бул аракетинен баш тартууга көндүрө албай жатат.

Европа комиссиясы «Орусия европалык этке тыйуу салат экен» деген кабарды терс кабыл алганын, буга негиз деле жок деп эсептей турганын билдирди.

- Биз бул өңдүү чара колдонууга негиз же зарылчылык жок деп ойлойбуз. Анткени Болгария менен Румыниядагы ири мүйүздүү малдын оорусуна тиешелүү жана эт азыктарынын сактыгын камсыз кылуу боюнча Евробиримдик өзү деле жетиштүү чараларды көргөн, - деди шаршембиде Еврокомиссиянын өкүлү Филип Тод.

Ал эми кечээ Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозу Хельсинкиде ишин баштай турган саммит учурунда орус президенти Владимир Путинден польшалык этке салынган тыйууну алып салышын сураарын билдирди. Саммит бүгүн ишин баштаганы турат.

Баррозу бейшембиде телефон аркылуу Польшанын премьер-министри Ярослав Качинский менен сүйлөшүп, бул суроодо Польша өкмөтүнүн позициясын колдой турганын билдирген.

Москвадагы «Саясий маалымат борборунун» директору Алексей Мухиндин айтымында, АКШ Орусиянын Дүйнөлүк Соода уюмуна мүчөлүккө алынышына макул болгон келишимге кол койгону расмий Москваны көптөгөн милдеттенмелерди аткарууга шарттап жатат. Мисалы, Орусия эми чет-элдик айыл-чарба товарлары үчүн өзүнүн ички базарын ачышы зарыл. Мындай учурда четтен көп азык-түлүк товарлары келе баштаса, орусиялык жергиликтүү айыл-чарба ишканалары көп зыян тартып калыш коркунучу жаралат. Ошондуктан, Мухиндин оюнда, Орусия кандайдыр бир расмий, же жарым жартылай расмий формада бул жараянды атайылап эле создуктура бериши мүмкүн.

- Менимче, бүгүнкү саммитте президент Путин «Орусия буга чейин кол койгон келишимдерди аткарат» деп айтат. Эгерде чындап эле өлкө Дүйнөлүк соода уюмуна мүчөлүккө алынып калса, анда өзүнө алган милдеттенмелерди аткарууга макулдугун берет. Бирок мындан ашыкка барбайт. Европалыктар менен кандайдыр бир келишимдерди түзмөйүн, Орусия алардын талаптарына макул болушу кыйын, анткени бул өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына жооп бербейт. Кремлдин позициясы ушундай, - дейт Москвадагы «Саясий маалымат борборунун» жетекчиси Алексей Мухин.

Кандай болгондо да, бүгүн Финляндияда баштала турган Евробиримдиктин саммити ушу маселе боюнча көптөгөн суроолорго жооп бериши керек.

Төрөкул Дооров, Москва

XS
SM
MD
LG