Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

РОССИЯЛЫК САЯСИЙ ТЕХНОЛОГДОР ӨЗБЕКСТАНГА ШҮЙШҮНҮШТҮ


Сталиндин тушунда идеологиялык ташбыйкатчылар “адам жанынын инженерлери” аталчу. Эми бул озуйпаны Россияда саясий технологиялардын “инженерлери” аткарып калды. Алар негизинен “башкарылма демократиянын” идеяларын коргошуп, аны экс-совет аймагына жайылтуу максаты менен арпалыша баштады. Муну россиялык саясий жоон топ эксперттердин Өзбекстандагы жакындагы саякат-сапары да көрсөттү.

Өзбекстанда, атап айтканда, Глеб Павловский, Евгений Кожокин, Андраник Мигранян, Сергей Марков жана башка ушул өңдүү россиялык аттуу-баштуу саясий эксперттер болушту. Төрт күн ичинде алар Ташкен жана Самарканд шаарлары менен таанышып, ара-чолодо жергиликтүү кесиптештери менен азыркы учурдун оголе көп актуал проблемаларын,алардын ичинде Өзбекстандын азыркы өнүгүү жолун, саясий багытын таңашып-талкуулашты.

Россиялык саясий билермандар журтуна жалпысынан Өзбекстандын “өңгөлөргө окшобогон өз жолу” абдан жакты. Евгений Кожокин,мисалы,жарандык коом темасына токтолуп, аны “мамлекеттин бөлүнгүс бир салаасындай” көрсөттү. “Күчтүү бийлик гана рынок экономикасына жана өнүккөн демократиялык системага өткөнгө өбөлгө түзө алат” - деп ишендирди ал.

Улуттук суверенитет жана чет элдик таасир-таалимдин кесепеттери тууралуу маселелер талкуулардын дагы бир өзөктүү темасын түздү. Талкууга катышкандар “демократиянын жалпыга бирдей талаптары жана принциптери болорун” моюнга алышты, ошол эле учурда ар кандай демократия ички улуттук салт-саанага,саясий маданиятка ылайыкташтырылышы, ар бир элдин өзүнө гана мүнөздүү элементтерден куралышы абзел экенин баса белгилешти. “Сырттан келген демократиянын” зыяндуулугу тууралуу кептердин аңытында чет элдик маалымат каражаттары да сынга алынды. Алар “бурмаланган маалыматтардын булагы” деп аталды.

Мунун баары Батыштын жолоюндагы демократиялык реформаны жарамсыз деп четке каккан,Батышка ык салган бейөкмөттүк структураларга тыюу салган, эларалык укук коргоочу жана гуманитардык уюмдардын, чет элдик маалымат каражаттарынын кеңселерин жапкан өзбек өкмөтүнүн чечимине көрсөтүлгөн колдоодой угулду.Атүгүл өлкөнүн жетекчилигин ачыктан ачык мактаган,орус-өзбек достугун даңктаган сөздөр да аз айтылган жок. Андраник Мигранян, мисалы,”Өзбекстан туура багытта баратканын” белгилесе, Глеб Павловский Ташкендеги режимди “демократиялык кайра куруулардын оптималдуу стратегиясын жана тактикасын тандап алганы” үчүн мактады. Өзбек бийликтеринин тажрыйбасын ал “уникалдуу тарыйка” деп баалады. Павловскийдин айтымында, бу “тажрыйба региондогу өлкөлөргө,ошондой эле башка континенттерге да жайылтканга толук татыктуу”.

Россиялык саясий технологдордун Өзбекстандагы өзгөрүүлөргө шүйшүнгөн мындай кеп-сөздөрү жерде калган жок, тескерисинче, эң жогорку деңгээлде бааланды. Аларды президент Ислам Каримов өзү кабыл алды. Кремлдин негизги акыл кошчуларынын бири делинген Павловский жолугушуу учурунда Өзбекстандагы реформалардын Россиядагы процесстерге окшоштугуна токтолуп,“эки саясий система абдан жакындашып” баратканын баса бөлүп көрсөттү.

Бейтарап байкоочулар Павловскийдин башка пикирлерине кошула албаса да анын ушул бүтүмүн макул табат болуш керек. Чынында эле Россиядагы жана Өзбекстандагы демократиянын көп жакындыгы бар. Башкысы - экөө тең “башкарылма демократиянын” түрүнө кирет.

Эсенбай НУРУШЕВ, Прага

XS
SM
MD
LG