Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

АЖЫГА БАРЧУЛАРГА ВИЗА АЧЫЛА БАШТАДЫ


Кыргызстанга Саударабстандын консулдук өкүлү келип, 23-ноябрдан тарта ажыга барчуларга виза ача баштады. Быйылкы виза ачуу ишинде өткөн жылдагыдай башаламандыктар болбос үчүн өзгөчө тартиптер киргизилген. Ошол эле кезде жалпы тизмедеги 40 чакты киши паспорт маселесине байланыштуу ажыга барбай калышы ыктымал болуп турат.

Дин иштери боюнча малекеттик агенттиктин деректири Жолборс Жоробеков өткөн жылы мындай виза ачуу иши жүрүп жаткан жерде министрлер, депутаттар, акыйкатчы-кызматкерлер жүрүшүп, күчтөө менен туугандарына, тааныштарына виза ачтырышкандыгын, быйыл болсо ал жерге милициялар коюлуп, эч кимдер кире албастыгын, ажылыкты уюштуруунун регионалдык башчыларынын жана ажыларды Саударабстанга алпарып келчү туристтик фирмалардын жетекчилеринин кирүүсүнө гана уруксат экендигин белгиледи.

Ошондой эле ажыга барыш үчүн виза ачтыргандардын паспорттору дароо өздөрүнө берилбейт. 11-ноябрда Оштон биринчи самолёт учуп чыгат Саударабстанга. Бишкектен 12-13төрүндө учат. Виза ачылган паспорттор ошо самолётко түшкөнгө чейин ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабда сакталат. Анын себебин Жолборс Жоробеков мындайча түшүндүрдү:

-Виза ачылгандан Саударабстанга учкуча 20 чакты күн бар. Ушул учурда айрым адамдар ажыга барчулардын паспортторунун виза басылган барактарын, сүрөттөрүн алмаштырып, ар кандай мыйзамсыз иштерди жасашы мүмкүн экен. Башка өлкөлөрдүн жарандарына ооштурушу да ыктымал. Ошонүчүн ушундай чечимге келдик.

Кыргызстанга ажылык үчүн быйыл 4500 орун берилген. Ал эми ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдан алынган маалыматка караганда, ажыга барабыз деп документ тапшыргандар 4490 адам. Булардын ичинде алигиче паспорт алалбай жүргөндөрү да бар. Муфтият, казияттардын өтүнүч каты менен барса ГАИРТ тарабынан ажыга барчулардын паспорттору кезексиз камсыз кылынуусу керек эле. Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Мураталы-ажы Жуманов айрымдардын паспорт алууга үлгүрбөй калуу коркунучу бар экендигин кыйытты:

-17-ноябрдан бери эле паспортун алмаштыра турган 40 чакты адам чыкты. Алардын документтери ГАИРТке берилен. Тилекке каршы 2004-жылкы паспорт үлгүсү калбай калыптыр. 2006-жылкы жаңы паспорт үлгүсүн пайдаланууга өкмөт токтому чыга элек.

“Жанейро Трэвел” туристтик авиаагенттигинин деректири Замира Тентимишева алардын самолёту менен ажыга барчу адамдардан бешөө болбогон жерден – паспортторунун кичине эле жери карала болуп калгандыктан ажыга барбай калышы мүмкүн болуп атканына күйүп-бышат.

Быйылкы жалдан баштап Саударабстан айрым мамлекеттердин суранычы боюнча ажылык үчүн кошумча квота берүүнү токтоткондугун виза ачуу үчүн Кыргызстанга келген Саударабстандын консулдук өкүлдөрү эскертишти.

Кожогелди Култегин, Бишкек
XS
SM
MD
LG