Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

РОЗА ОТУНБАЕВА: БУУнун ИЧИНДЕ РЕФОРМА ЖҮРҮШ КЕРЕК


Жакында “ЮНЕСКО уюмуна 60 жылда өз салымын кошкон 60 аял” деген китеп жарык көрдү. Бул китеп дүйнөдөгү глобалдык саясат, гендер маселелери, андагы ЮНЕСКОнун орду өңдүү орчун темаларды камтыйт. Китептин авторлорунун бири – Кыргызстандагы белгилүү саясатчы жана дипломат Роза Отунбаева. Кыргызстандын эки жолку тышкы иштер министри, Кыргызстандын АКШдагы жана Улуу Британиядагы элчиси болуп жүргөн, азыркы “Асаба” партиясынын тең төрайымы. Роза Отунбаева менен кабарчыбыз Зейнеп Мартбек кызы маек курду.

-Роза Исаковна, менин сизге эң биринчи суроом сиздин ЮНЕСКО уюмундагы ишиңизге байланыштуу болмокчу. ЮНЕСКОнун дүйнөдөгү ролуна токтолсоңуз.

- ЮНЕСКО маданият, билим берүү, дүйнөлүк информация жөнүндөгү дүйнөлүк уюм. Биз ЮНЕСКОнун ишмердүүлүгүн Кыргызстанда жакшы билебиз. ЮНЕСКО 60 жашка толуп калды. Мунун өзүнүн көп традициялары бар. Мисалы, мен эстесем, аткаруу кеңешинин вице-президенти катары болуп иштедим, Советтер Союзунун өкүлү катары. Кайтыш болгон күнү да ошол жерде сөзсүз атым эскерилип, дүйнө жүзүндөгү 51 мамлекеттин өкүлү туруп, мага таазим этишет. Бул ушундай көп салттуу уюм. Мен азыр ЮНЕСКО менен киндигим менен байланып калгандаймын. 89-жылы мени Москвага Тышкы иштер министрлиги чакырып, ошол жерден мага “Ыйгарымдуу элчи” деген наамды берип, ошондой эле Советтер Союзунун ЮНЕСКОдогу өкүлү болуп дайындалгам.

-Жакында эле ЮНЕСКО китеп чыгарган эле. Ал китептин авторлорунун бири сиз болгону белгилүү болду. Ошол жөнүндө кененирээк айтып бересизби?

- Бул китепти колума кармай элекмин. Жакында эле мага Парижден маалымат келди бул китеп чыкты деп. Булар дүйнө жүзүндөгү аялдардын ролу, гендердик саясат, көп мамлекеттердин өкүлдөрү ушул китепке өзүнүн салымын кошуп, главаларын жазып берген. Бул жаңы китеп. Мага дагы кайрылышты булар жазып бериңиз деп. Бул китепте мен өзүмдүн өмүр баянымды, өткөн жолумду жазгам. Анан ошондой эле “Кыргызстандагы аялдардын ролу, азыркы кырдаал, эмне кылыш керек?” деп. Мисалы, мени менен эле бирге бул китепти Вьетнам, же болбосо Норвегия, же болбосо Германия, Американын өкүлдөрү баары жазышкан болчу. Мен бактылуумун, ошол китептин авторлорунун бири болгонума. Ошондой эле дүйнө жүзү “Кыргызстан деген өлкө кандай экен, кандай кыздары бар экен, кандай тажрыйбасы бар экен?” дегенде алар дагы билишет деп мен ишенем. Ошондуктан мен ойлойм, бул китеп өзүнүн ролун ойнойт окшойт.

- Сиз БУУнда дагы иштеп калдыңыз. Бул жеке сиз үчүн эмнени берди? Мындан сиз кандай тажрыйба топтой алдыңыз?

- Мен БУУнда конфликт боюнча проблемада иштеп калдым. Бул абдан оор иш. Аягы жок иш. Анткени эки эл кагылышса, оңой эмес экен экөөн бир сөзгө, биримдикке алып келүү. Мына Грузия-Абхазия конфликти боюнча мен эки жарым жыл иштеп калдым. Мен өзүм тажырыйбам үчүн бул абдан бай, керектүү сабак болуп калды. Анткени мына өз көзүм менен көрдүм, башыман өттү. Эки элдин ортосундагы сырдын ичине кирип, ошол отко отуруп дегендей, түшүнүп...Анткени башкаларды эч кимди киргизбейт ал элдер. Көйгөйүн айтып бербейт. Биз болсо ошол эки элдин ортосунда элдештирүү ролду ойноп жүрдүк. Чынында эле, биринчиден, ошол проблеманы терең билгенге мага мүмкүнчүлүк берди. Экинчиден, ошол кайсы конфликт болбосун, адамдардын ортосунда, коллективдердин ортосунда, кандайча аларды элдештириш керек? Ушундай бир ыкмаларды, жолдорду ошолорго мага көзүмдү ачты.

- Сиз Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп иштеген учурда сиз үчүн эң кыйын нерсе эмне болгон эле?

- Бул абдан жүрөккө жаккан, көңүлгө жаккан иш болчу. Анткени, кыргыз элин, Кыргызстан деген жерди дүйнө жүзүнө төрт тарапка көрсөтүү, элибизди, жерибизди дүйнөлүк картага койгон бул абдан мээримдүү жана абдан кызыктыра турган иш болчу. Аял катары мен элчи болуп жүргөндө, министр болуп жүргөндө да көп эркектердин арасында кээ бир кезде жалгыз болуп калат экем. Ошондо кайсы өлкөдө болсом дагы, ошол жерден чоң же кичине жыйында болсом да ошол өлколөрдүн өкүлдөрү дайыма башкаларда өзгөчөлөп “Мына ушундай кыйын эл экен. Ушундай кыйын кыздары бар экен. Аялзатка ушундай чоң урмат. Чоң көңүл бурат экен” деп дайыма мага көп көңүл бурушчу. Мен ойлойм бул да Кыргызстан үчүн чоң шанс берди. Мен жер жүзүнүн жарымын кыдырдым десем аз болбойт. Мына ошол жерлерде Кыргызстан жөнүндө лекцияларды окуп, тааныштырып, биз жөнүндө көп сөздү айтып келе жаткам

-Роза Исаковна, БУУ тууралуу сөз болуп калгандан кийин дагы бир суроо пайда болот. БУУ глобалдык саясатта кандай роль ойноп жатат? Мисалы Ирак маселесин алып карай турган болсок.

- Жакында эле Бүткүл Улуттар Уюмунун генералдык секретары жаңыдан чечилди. Кореянын мурунку тышкы иштер министри келди. Мурун деле Кофи Аннан келгенде ошондо деле сегиз жыл мурун ушундай чоң анын алдында милдет бар болчу. Коопсуздук кеңеште деле жер жүзүн башкарууда жаңы принциптерди киргизиш керек болчу. БУУ 60 жылга жылга чыкты. Өткөн согуштан кийин пайда болгон уюм. Ошол эле күчтөрдүн ортосундагы “расклад” азыр деле ушул күнгө чейин келе жатат. Коопсуздук кеңешке жаңы өлкөлөр кириш керек, өздөрүнүн күчүнө-алына жараша. Алар болсо жаңыча дүйнөнү карап чыгыш керек. Көптөгөн өнүгүп жаткан мамлекеттер азыр күчтүү болду. БУУ өзүнүн ичинде чоң реформа жүргүзүш керек болчу. Тилекке каршы, ошол реформалар болбой жатат. Ошондуктан ушундай уюмга сый да аз болуп жатат. Ошентип мына Ирак согушунун башталуусунда, АКШ бул кеңештин көз карашын четке кагып туруп, согушту баштап алды. Мындай болбош керек эле. Мына ошентип азыркы реформалар дүйнө жүзүндө да өз убагында жасалбаса, мына дүйнөнүн баарын артка алып кетет экен. Мен ойлойм чынында эле биз акыйкат, калыстык болсун дуйнө жүзүндө десек, ошол реформаны тезирээк ишке ашырууну талап кылышыбыз керек.

-Шайлоо демекчи, бул шайлоо сиздин пикириңизде канчалык деңгээлде калыс?

- Мен ойлойм калыс. Ал жерде деле эч бир чоң проблеманы алып чыккан жок. БУУда салт бар. Мына алты континент бар, ошол алты континеттин өкүлдөрү кезек сайын болуп турушу керек. Көп жылдар Азиядан эч ким боло элек болчу. Акыркы убактарда, өзүңүз билесиз, Перунун өкүлү болчу, андан кийин Кофи Аннан болду. Мына азыр Азиянын кезеги болчу. Азиядан мына тышкы иштер министри башка талапкерлерге караганда көп параметрлери туура келип, шайланды.

-Ал эми биз сөз кылып жаткан уюм аймактык конфликттерди чечүүдө кандай салымын кошуп жатат? Өзүңүз жакшы билгендей ушул шейшемби Ливандын өнөр жай министри атып өлтүрүлдү. Ага антисирялык көз карашы үчүн кол салынды деген дагы пикирлер аз эмес. Бул болсо Сирия-Ливан мамилесинин чыңалышына алып келет деп айтылууда.
- Мен ойлойм, бул деле Жакынкы Чыгыштагы конфликтти абдан чыр, комплекстүү, баш-аягы табылбаган конфликт биз билебиз, ал жердеги бир топ мамлекеттер бири-бири менен чырда, жылдар, 47-жылдан башталган чыгыш мамлекеттиринин конфликти ушул күнгө чейин созулуп келе жатат. Бул конфликт деген өзү башталышы дагы жаман. Канча деген декадалар өтүп жатат, жарым кылымдан дагы ашып кетти. Элдер ошол жерде согушта жашап жатышат. Көбү көчүп дагы кетишти ал жактан. Ливан менен Сириянын конфликтин провокациялык өлүмдөр андан бетер козгойт. Кыргызстан бул конфликттерде көп деле мындай кылдаттуу түрдө байкай бербейбиз. Биздин күчүбүз, алыбыз дагы, өзүбүздүн кадрдык курамыбыз деле жетишсиз. Мен ойлойм ал конфликттер биз үчүн да абдан маанилүү. Анткени Орто Азияда, Фергана өрөөнү ушундай бир “конфликтная зона” деп жылдар бою эл аралык уюмдар изилдеп келе жатышат. Мен ойлойм биз аларды өзүбүз адамзат катары дагы, билип, түшүнүп, изилдеп, иликтеп, ошол жерден сабак алып, жыйынтык чыгарып, өзүбүздүн жергебизде, өзүбүздүн коңшулар менен тынчтыкта, биримдикте жашасак биздин элибиз тезирээк өнүгүп-өсүп кетет эле.

-Сиз элчи катары, дипломатиялык өкүл катары, бир топ конфликттердин, кагылышуулардын чечилишине өз салымынызды кошуп келгенсиз. Сиздин пикириңизде, аларды алдын алуу же токтотуу мүмкүнбү? Же болбосо бир башталган процесс уланып кете береби?

- Сөзсүз. Бул конфликттерди алдын алыш керек. Себеби, азыр дүйнө жүзүндө 17 ушундай конфликттер бар. “Ысык точкалар” деп коебуз БУУда. Ошол конфликттердин ошол жерде миссиялары иштейт. Алардын бюджети 4 млд. доллар. Мына ошону азыр элдерди элдештиргени аракет кылганы жумшашат. Ошол 4 млд. доллар ошол жерде көбүнчө кедей калк үчүн алардын проблемаларын бүгүн жойсо, анды мындай конфликт болбойт эле. Ошондуктан дүйнө жүзүн башкаруу проблемасында да чоң көйгөй бар. Азыркы эң күчтүү мамлекеттер, коопсуздук кеңештин өкүлдөрү ал жерде мониторинг жүргүзүп жатат. Бирок ошол жерде көп меселелер жылдар бою чечилбей келе жатат. Бул суу маселеси, чек ара маселеси, жердин тартышы, мына ушуларга, баарына азыртадан керектүү жардамды берсе жанагындай абдан чоң акчалар кереги жок болот эле конфликтти басканга

-Роза Исаковна, эми гендердик маселе жөнүндө сүйлөшсөк. 10 жыл мурдагы аялзаты менен азыркы аялзатынын ролу, абалы өзгөрдүбү?

- 95-жылы Кыргызстанда бийликте бир топ аялдар-министрлер бар болчу. 98-жылы Президент Клинтондун аялы мадам Клинтон Кыргызстанга келгенде, Акаев “Великолепная семёрка” деп жети аялды Кыргызстандын эң эле чокусундагы позицияны кармаган аялдарды тааныштырган болчу. Мына, демек, 95-97 жылдары Кыргызстанда гендердик саясат бийлик тарабынан карасак абдан эле жакшы болчу деп айтсам туура болот. Мына бүгүн 2007-жылга карата баратабыз, бүгүн Кыргызстанда, тилеке каршы, эн карангы заман. 1927-жылды алсаңыз деле, анда да ошол убактагы жаңы турмушка көзүн ачып келе жаткан заман болчу. Кийин болсо Совет бийлиги канчалык көп жакшылык жасады Орто Азиядагы аялдарга, Кыргызстандын аялдарына. Канча кадрларды өстүрүп чыкты. Канча аялдардын багы ачылды. Аялдар болсо кыргыз элин көбөйтүп, бештен ашык төрөп, “Баатыр эне” болуп, ошентип мына биз болсо көп эле социалдык жагынан абдан бейкубаттыкка жеттик эле. Азыркы заманда эч жакшы сөздү айта албайм, артка кеттик. Бул Бакиевге мен катуу өчөшкөн оппозиционер катары айтып жаткан жокмун, калыс, акыйкат сөздү айтып жатам. Бакиев президент болуп турганда ушундай феодалдык заманга учурадык. Аялдар проблемасын карасак, бекер кур конференциялар калп эле аялдарды чогултуп алып, калп эле үшкүрүп “мындай болбой жатат, аялдарды көтөрө албай жатабыз” деген. Анда мындай бийликтин эмне кереги бар? Мына мен өзүм жөнүндө айтып жаткан жокмун. Отунбаева жөнүндө эмес. Жаш, татынакай кадрларды эмне үчүн өстүрбөйт? Эмне үчүн көтөрбөйт? Эмнеге азыркы бийлик мына ошолордун баарын колуна жанагындай позицияларды бербейт? Мына азыркы парламентте абдан эле уят иш болуп жатат да. Дүйнө жүзүндө аялдар үчүн толтура конференциялар бар, парламенттин мүчөлөрү үчүн. “Кантип иштеш керек, кантип аялдарды көтөрүш керек?” деген суроолорго арналган. Биздин парламенттен эркектер барып жүрүшөт ошол конференцияларга. Биз аны унутпашыбыз керек. Бизде аялдар жок болгонсуп, аялдар макоо болгонсуп. Чынында биз билебиз, Кыргызстанда акыркы жылдардын ийгиликтери, Кыргызстан мамлекет катары сакталып калышында аялдардын ролу абдан зор.

-Роза Исаковна, кызыктуу маегиңиз үчүн сизге чоң рахмат.

Маектешкен Зейнеп Мартбек кызы, Бишкек

XS
SM
MD
LG