Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:07

ГРУЗИЯ: БАТЫШТЫ БЕТТЕГЕН ЖОЛ ТАЙГАК


2003-жылдагы ыңкылаптан соң Грузиянын президенти Михаил Саакашвили Россиядан бет буруп, Батышты мөлчөр туткан саясат жүргүзө баштады. Бирок Түштүк Осетия менен Абхазияга байланышкан жаңжалдар буга чоң тоскоол болууда. Грузиянын Евросоюзга кошулуу пландары Брюсселде айрым тынчсызданууларды пайда кылды. Бу тууралуу жакында кол коюлган коңшулук саясат актысында да белгиленди.

Грузиянын тышкы иштер министри Зураб Ногиадели өкмөттүн Евросоюзга кошулуу планы алыскы келечекке эсептелингенин моюнга алды. Бери эле дегенде бул азыркы стадияда мүмкүн эмес, деп айтты ал. Анын баамында, Евросоюзду кеңейтүү ишинен азыр Брюсселде белгилүү өлчөмдө ташыркаган маанай байкалат. Коңшулук саясат планына кол коюлган соң союзга мүчө болуу тууралуу талкуулар үзүрлүү болору күмөн. Ошол эле учурда Ногиадели Евросоюз өлкөнүн тышкы саясатындагы биринчи мөлчөр бойдон каларын да кошумчалады. Грузия АКШнын колдоосу менен жакынкы келечекте НАТОго кириши мүмкүн.

Грузиянын батышчыл ыкыласы Россия менен мамилелердин кыйындашына алып келди. Буга көп жагынан түштүк осетин жана абхаз проблемалары түрткү болду. Тбилисидеги европалык өкүлдөрдүн бири грузиндер түштүк осетиндердин Россияга кошулуу мүдөөсүн күчкө салып болсо да басканга даяр окшойт дегендей кооптонуусун туйгузду. Буга танык кылып ал Грузия оор курал-жарактарды сатып алып, Түштүк Осетияга жакын жерде аскери ооруканаларды жайгаштыра баштаганын айтып, муну өлкөнү ургаалдуу “милитаризациялоо” процесси деп атады. Анын айтымында, түштүк осетин жетекчилиги грузиндер согуш баштайт деп абдан кооптонушууда.

Түштүк осетиндердин Россияга кошулуу ынтаасын Батыштын өкүлү саясий эмес, таза прагматикалык мүдөө деп эсептейт. Орус паспортун жергиликтүү тургундар Москвадан пенсияга, социалдык башка да жөлөкпулдарга жетүүнүн мүмкүндүгүндөй көрүшөт. Мындай төлөмдөрдүн өлчөмү региондогу бардык өлкөлөргө салыштырганда алда канча көптүк кылат. Ошол эле учурда Россия Цхинвалидеги сепаратисттик бийликке, грузин жетекчилиги ойлогондой, ошончолук эле эбедейи эзилип турган жок. Жакындан бери орустар түштүк осетиндерден да айылчарба продуктыларын алгандан баш тартышты.

Акыркы кездери Абхазияда да абал курчуду. Бул жерде абхаз бийликтерине теңтайлаш кылып Тбилиси өзүнүн алтернативдүү өкмөтүн жарыялады.Натыйжада эки тараптын мамилелери кескин татаалдай түштү. Абхаздар түштүк осетиндерден айрымаланып, Россияга кошулууну көздөбөйт, бирок көз карандысыздык мүдөөсүнөн баш тарткысы келбейт.

Ушул эки жаңжал жөнгө салынмайынча Грузиянын Евросоюзга, атүгүл НАТОго кошулуу багытындагы жолу тайгак бойдон калат. Жаңжалдарды чечүүдө болсо Грузия Россия менен кызматташпай кое албайт.

Деген менен Тбилиси жана Москва мамилелери жакын арада оңолушу кыйла эле күмөндүү көрүнөт.


Эсенбай НУРУШЕВ, Прага

XS
SM
MD
LG