Шейшемби күнү Улуттук илимдер академиясынын алдындагы “Манас таануу жана көркөм маданият" улуттук борборунда жарык көргөн 300 китептин көргөзмөсү болду. Аталган борбордун түзүлгөндөн берки 10 жыл аралыгында жарык көргөн эмгектерди окурмандарга тааныштыруу, отчет берүү максатында уюштурулган бул иш-чарага илимий ишмерлер, окумуштуулар, жогорку окуу жайларынын мугалимдери жана акын-жазуучулар катышты. Көргөзмөдө кыргыз адабиятынын жети томдугу, кыргыз адабиятчылары, сынчылары жөнүндө жазылган, кыргыз элинен чыккан улуу инсандар тууралуу жарык көргөн эмгектер коюлду.
Бул жумада Кыргыз Республикасынын эл акыны Майрамкан Абылкасымованын 70 жылдык мааракеси белгиленди. Ага арналган салтанат Т.Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук драма театрында өткөрүлдү. Кечеде президенттик администрациянын, өкмөттүн, жогорку кеңештин жана жазуучулар кошунунун өкүлдөрү жана акындын жакындары катышты. Салтанатта алгач Майрамкан Абылкасымованы “Кыргызстан жазуучулар кошунунун” төрагасы Анатай Өмүрканов куттуктап, акындын кыргыз поэзиясына кошкон зор салымын баса белгиледи. Кечеде Майрамкан Абылкасымовага шаар кеңеши тарабынан Бишкек шаарынын ардактуу жараны жана Ишенаалы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профеcсору деген наам берилди.
Мааракенин алкагында улуттук китепканада Майрамкан Абылкасымованын эмгектеринен турган китеп көргөзмөсү ачылып, кыргыз улуттук драма театрында акындын пьесасынын негизинде коюлган “Атаке баатыр” спектакли көрсөтүлдү.
Учурда Майрамкан Абылкасымова дагы бир ыр жыйнагынын үстүндө иштөөдө. Акындын айтымында кыргыз элин ынтымакка,биримдикке үндөп, дүйнөдө тынчтык болушун тилеген ыр саптарынан турган бул ыр жыйнак жакынкы күндөрдө окурмандардын колуна тиймекчи.
Аптанын жума күнү улуттук филармонияда акын, Кыргызстан Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты Турар Кожомбердиевди эскерүү кечеси өттү. Маркумдун туулган күнүнүн 65 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан бул иш-чарага акын-жазуучулар жана маркумдун жакындары келишти. Бул кечеде эскерүү сөздөрү менен бирге “Калемгер” адабий клубунун жаш акындары тарабынан маркумдун ырлары окулуп, акындын ыр саптарына жазылган обондуу ырлар да жаңырды.
Кыргыз Республикасынын эл артисти, Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты. Режиссер Бообек Ибраевдин ысымы өзү туулуп өскөн Жетиөгүз районунун борбору Кызылсуу шаарчасындагы борбордук көчөгө берилип, мемориалдык такта коюлду. Бул иш-чарага маркумдун жакындары, жердештери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Бообек Ибраев республиканын професионал театрларында башкы режиссер болуп иштеп, кыргыз театр өнөрүнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон.
-Айжан Шаботоева, Бишкек