Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:10

КЫРГЫЗСТАНДА АЯЛДАРДЫН УКУГУ КОРГОЛУП ЖАТАБЫ?


Бүгүн дүйнө жүзүндө аялдарга зомбулук жасоого каршы күрөштүн эл аралык күнү белгиленүүдө. Бул күндүн урматына Кыргызстандагы аялдардын укугун коргоо менен алектенген мамлекеттик жана бейөкмөт уюмдар он алты күндүк акция башташты. Бул күндөрү гендердик теңчилик, аялдардын укуктарын коргоо багытында жер-жерлерде иш-чаралар өтмөкчү.

“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын айтымында, аялдарга каршы зомбулук адатта үйбүлөдө көп учурайт. Үйбүлөдөгү чыр-чатактын, аялдарга каршы күч колдонуунун 60 пайызы ичкиликтин, баңгичиликтин айынан келип чыгууда. Мунун артында эркектердин ишсиз калып, алсыздыкка алдырып коюшу турат:

- Бардык эле эркектер кыйын болуп депутат болуп кеткен жок. Жумушсуздук болуп атат. Зордук-зомбулуктун түбү да ошондо жатат. Эркектерге, кичинекейинен айтышкан да, сен кыйынсың, сен үйбүлөнүн башында турушуң керек, багышың керек деп. Шартка байланыштуу башкача болуп калып, эркектер эмне үчүн үйбүлөмдү бага албай атам, эмне үчүн тетигиндей кызматка иштей албай атам деп баңги заттарына берилип же арак ичип кетип атышат. Үйбүлөдөгү чыр-чатактарга байланышкан маселенин түпкү-теги ошондо жатат. Башка жол менен деле урбай, көгала кылбай мамиле түзсө болот. Алар муну билбей атат, - дейт Бүбүсара Рыскулова.

Кыргызстандагы аялдардын азыркы абалы чеке жылытарлык деле эмес деген оюн Президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун да бөлүштү:

- Мактанарлык эч нерсе жок. Аткаруу бийлигинде, сот, бийлигинде, айрыкча мыйзам чыгаруу бийлигинде бир дагы аялдын жоктугу өкүнтөт. Мисалы, айрыкча элет жерлеринде аялдар уруу-согууга, зомбулукка учурап жатышат. Күйөөлөрүнөн токмок жеген аялдар өтө көп, алакачуу маселеси өтө кыйын.

Турсунбек Акундун көз карашын толук колдобогондордун бири студент Гүлкайыр Назирова болду:

- Арак ичип жаман жолго түшүп кеткен эркектер аялдарын урушу мүмкүн. Окуган, түшүнүктүү адамдар аялдарын эч качан антип уруп, андай жолго барбайт деп ойлойм.

Ал эми Мээрим Ашыралиева Кыргызстанда аялдардын укуктары бирдей болмок тургай, айрым учурда эркектердикинен жогору болуп калды деп, мындай пикирин төмөнкүдөй чечмеледи:

- Үйбүлөлөрдө азыр аял менен эркектин укуктары бирдей эле болуп калды. Ал гана эмес аялдын укугу басымдуулук кылгандар көп. Себеби, эркектер жумушу жок үйдө отуруп калып атышат. Аялдар болсо базарга чыгып, акча таап дегендей. А акча тапкан аял анан чоң сүйлөп, көпчүлүк үйбүлөлөрдө ушундай да, - дейт Мээрим Ашыралиева.

Иликтөөчүлөр Кыргызстанда аялдардын укуктары Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн аялдарына салыштырмалуу кыйла корголгондугун белгилеп жүрүшөт. Анткен менен, «Кылым шамы» коомдук уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулованын баамында кыргыз аялдарынын ичинен көрүнүктүү ишмерлер, саясатчылар куугунтукталган учурлар кездешет:

- Аялдардын ичинен көрүнүктүү ишмерлердин, саясатчылардын артынан куугунтук болгон учурлар бар. Андайлар тилекке каршы кездешип калып атат, - дейт Азиза Абдрасулова.

Бирок, укук коргоочу мындай көрүнүктүү саясатчы аялдардын катарында кимдер турарын айтууну ылайык көргөн жок.



Илим Жанузаков, Бишкек

XS
SM
MD
LG