Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯ КООМЧУЛУККА КАЧАН ЖАРЫЯЛАНАТ?


Президент Курманбек Бакиев 9-ноябрда кол койгон Конституциянын жаңы редакциясы маалымат каражаттарында алигиче жарыялана элек. Мындай жайбаракаттык коомдук-саясий чөйрөдө ар кыл күдүк ойлорду, анын ичинде Президент администрациясы өз кызыкчылыгы үчүн атайлап кармап жатышы мүмкүн деген божомолдорду пайда кылууда. Жогорку Кеңеш менен Президент администрациясынын расмий өкүлдөрү баш мыйзам лингвистикалык комиссиянын жардамы менен кыргыз тилине которулуп бүтүп калгандыгын, жакынкы күндөрү жарыяланарын убада кылышууда.

Өткөн аптада коомдук саясат институту жаңы Конституциянын кабыл алынган соңку вариантын бир да эксперт көрүп тааныша электигин, өлкө жарандарынын тааныштыгы жоктугун айтып чыгышкан. Алар президенттик администрациядан тез аранын ичинде жаңы Баш мыйзмды басылмадан чыгартып, элге жарыялоо демилгесин көтөрүшкөн. Бирок бүгүнкү күнгө дейре баш мыйзамдын коомчулукка таркатылбашы абдан опурталдуу бойдон калууда, дейт “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов.

-Күндөн күнгө жаңы Конституциянын легитимдүүлүгү түшүп, баркы дагы кетип атат. Ошол жаңы Конституциянын гана эмес, жалпы мамлекеттин, бийликтин, жалпы мыйзамдын күчү дагы тайып атат. Анткени мына интернетте баш мыйзамдын канчалаган түрү жүрөт. Саясатчылар ар кимиси ар кандай жол менен талдап жатышат. Мыйзамдын биримдиги, мыйзамдын күчү жоголуп баратат. Ошондуктан менин оюмча бул кырдаал абдан опурталдуу,-дейт Эдил Байсалов.

Байсалов белгилегендей Конституциянын орус тилиндеги вариантын деле басылмадан чыгартып элге таратса, коомчулукта баш мыйзам боюнча ар кандай ой-пикирлер жаралбайт эле.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов жаңы Конституция кыргызча которулуп, жакын арада депутаттарга таркатылаарын апта соңунда айткан. Президенттин маалымат кызматынын башчысы Досалы Эсеналиев да учурда лингивистикалык комиссия Баш мыйзамды кыргызча которуп бүтүп калганын билдирди.

-Конституциянын жаңы редакциясы боюнча атайын Жогорку Кеңештин жана президент администрациясынын алдындагы лингвистикалык комиссия ушул котормолор бири-бирине дал келбей калбашы үчүн, тыкат иштеп жатышат. Жакынкы күндөрү жарыяланат, -деди Досалы Эсеналиев.

Ал эми айрым саясатчылар, коомдук уюмдардын өкүлдөрү президенттик администрация Конституциянын жаңы вариантын массалык маалымат каражаттары аркылуу элге атайын таркатпай создуктуруп келүүдө, деген пикирлерин айтышууда. Эдил Байсалов да ушундай көз карашта.

-Мунун түпкү себеби, техникалык себеп эмес. Баардыгыбызга эле айкын болуп турат. Мунун бардыгы саясий себепке келип такалууда. Анткени президенттин ыйгарым укуктары абдан чектелген. Ошондуктан жаңы Конституцияны эл окугандан кийин, авторитардык бийликке бөгөт коюлганын түшүнөт. Билбейм президенттик администрация алигиче эмнеге кармап атат.

Аманбек Жапаров,Бишкек

XS
SM
MD
LG