Хамастын өкүлү Гази Хаммед эки тараптуу келишим жетишилгенин ырастап, мындай деди:
- Биз бул келишимдин аткарыла турганына үмүт кылабыз. Анын кандайча аткарылып атканын келишим күчүнө киргенден 12 сааттан кийин текшерип,Израиль өз милдеттенмесин кандайча аткарып жатканын көрөбүз,- деди Хаммед.
Израиль өз аскерлерин келишим күчүнө кире электе эле чыгарып кеткенин маалымдаган. Бирок, маалымат каражаттары палестин согушкерлери Израиль аймактарын ракеталардан аткылоону дагы эле токтото элек экенин айтып жатышат.
Израилдик маалымат булактарынын айтымында, Газа тилкесинен атылган ракеталар Израилдин Газа менен чектеш жайгашкан Сдерот деген шаарынын чет жакасына барып түшкөн. Ракеталык аткылоодон жабыркагандар жөнүндө маалымдалбайт.
Буга байланыштуу Израилдин Коргоо министри Амир Перец эгерде ракеталык аткылоо токтотулбаса, Израиль буга катуу жооп кайтарып, Газа тилкесиндеги аскердик операцияларын уланта тургандыгын эскертти.
Мындан мурда Палестин Автономиясынын жетекчиси Аббас ок атышууну токтотуу келишими тайбай сактала тургандыгын жана палестин согушкер топторунун баардыгы келишимге баш ийе турганын убада кылган.
"Иерусалим Пост" гезитинин маалымдашынча, ракеталык аткылоонун жоопкечилигин Исламдык Жихат деген топ менен Махмуд Аббастын "Фатах" кыймылынын согушкер топторунун бири өзүнө алып, ок атышууну токтотуу келишимине кошулбай тургандыктарын жарыялашты.
Израиль менен Палестин Автономиясынын ортосунда жетишилген келишим сактала турган болсо, жөөт-палестин тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууга мүмкүндүк ачылып, Махмуд Аббас менен Эхуд Ольмерттин жолугушуусуна жагымдуу жагдай түзүлмөкчү.
Баян Жумакадыр кызы, Прага