Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:46

ОРУСИЯ: ПОЛЬШАНЫН ВЕТОСУ ЕВРОБИРИМДИКТИН САММИТИН БУЗДУ


24-ноябрда Хельсинкиде Евробиримдик менен Орусиянын саммити өттү. Анда Брюссель менен Москва ортосунда 2007-жылга карата стратегиялык кызматташтык боюнча келишимге кол коюлушу күтүлгөн. Бирок Польша буга вето салып койгондуктан, саммиттин күн тартибине өзгөртүүлөр киргизилди. Эки тараптын тең лидерлери абалдын анча деле оор эместигин айтып, бул убактылуу гана көрүнүш экенин, жакын арада маселе чечилет деп ишене тургандыктарын айтышты.

Евробиримдик менен Орусиянын 18-жолку саммити ич-ара даттануулар менен башталды.

Эки тараптын ортосунда Стратегиялык кызматташтык боюнча жетишиле турган келишим бул жолку саммиттин башкы окуясы болуп калышы керек эле.

Бирок келишимге Польша салып койгон ветосун кайра албай турганы жолугушууга жакын эле дайын болду.

Учурда Евробиримдикте жетекчилик кылып жаткан Финляндиянын премьер-министри Матти Ванханен сүйлөшүүлөрдөн кийин маселе боюнча оюн кыска жана так билдиргендей болду. «Биримдиктин мүчөлөрү ич-ара макулдашууга келе алышкан жок» деди ал.

- Евробиримдик менен Орусия ортосундагы келишимге жетишүү үчүн сүйлөшүүлөрдү баштоо боюнча орток пикирге келүүгө мүмкүн болбоду. Биздин оюбузча, бул акыркы мүмкүнчүлүк эмес, - деди Финляндиянын өкмөт башчысы Матти Ванханен.

Польшага каршы катуу айыптоолор айтылган жок. Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэль Баррозу эки тарапты тең тынчтандырууга аракет кылды. Орусия польшалык этти өз өлкөсүнө киргизүүгө тыйуу салып койгонун Баррозу «ашыкча эле чара» деп билээрин айтты. Ошол эле учурда, анын айтымында, Евробиримдик Варшавага жөнөткөн эксперттер чынында эле «айрым проблемаларды» табышкан.

Ал эми орус президенти Владимир Путин болсо Евробиримдикте өзүн ыңгайсыз сезгени деле билинген жок. Анын оордуна ал биримдикке Польшанын карама-каршылыгын кантип жандап өтсө болоорун айтып, кеңеш бергендей болду.

- Еврокомиссия импорт боюнча биз менен сүйлөшүүгө мандаты бар жана бул суроодо биримдик бир добуштан оюн билдирип жатат. Ал эми экспорт боюнча анда мындай мандаты жок. Биз көптөн бери «Евробиримдикте экспорт боюнча бирдиктүү сертификат кабыл алынышы керек» деп айтып келатабыз. Ошондо бизге бул проблемаларды чечүү жеңилирээк болмок, бирок Евробиримдиктин өзүндө бул суроо боюнча жалпы бир пикир түзүлө элек. Демек, биз күтө турабыз, - деди орус президенти Владимир Путин.

Ванханендин айтымында, Евробиримдикте жетекчилик кылып жаткан Финляндия бул маселе боюнча бир мунаса табуу үчүн бүт аракетин жумшайт. “Польша да ушу жылдын этегине чейин эпке келип калса керек» деп үмүттөнө турганын айтты Ванханен.

Евробиримдик менен Орусия азыр Өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча келишимдин алкагында иштешип келатышат. Бул келишим 1997-жылы жетишилген жана быйыл анын мөөнөтү аяктайт. Орусия мындан ары жетишиле турган келишим Москваны да Евробиримдик менен бирдей укуктуу абалга жеткирсе деп үмүтөнөөрүн билдирүүдө. Өз кезегинде Брюссель Москва менен кызматташтык боюнча келишим энергетика жаатындагы алаканы ачык жана түшүнүктүү абалга жеткириши зарыл деп билет.

Ошентип, бул жолку саммит жетишкен башкы эле келишим – бул европалык учактар Орусиянын аба мейкиндигин кесип өтүп жатышкандыгы үчүн Орусияга төлөп жаткан акыны акырындап алып салуу боюнча келишим болду. Айта кетели, Евробиримдик Орусияга бул үчүн жылына 300 млн.евро төлөйт. Бирок аталган келишим 2013-жылы гана күчүнө кирмекчи.

Саммиттен кийинки маалымат жыйынында журналисттер Путинге Александр Литвиненконун өлүмү жана Анна Политковскаяны өлтүргөндөрдү кыдыруу иштери кандай жүрүп жатканы тууралуу суроолор менен кайрылышты. Путин Литвиненконун өлүмү тууралуу суроолорду британ укук коргоо органдарына бериш керек, ал эми Анна Политковскаянын өлүмү кадимки эле криминалдык көрүнүштүн бири деп жооп берди.

Төрөкул Дооров, Москва

XS
SM
MD
LG