Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

КЫТАЙ ЖАНА ПАКИСТАН: СТРАТЕГИЯЛЫК КЫЗМАТТАШУУ ДАГЫ БЕКЕМДЕЛДИ


Экономикалык кубаты өскөн сайын, саясый табити артып бараткан Кытай Түштүк Азиядагы стратегиялык таасирин да бекемдөө аракетин кылууда. Президент Ху Цзинтао жекшемби күнү Пакистанда аяктаган күндүк сапары учурунда Бээжин жана Исламабад саясый, аскерий-технология, ядролук энергия, терроризмге каршы күрөшүү жаатындагы кызматташууга катар, алдыдагы беш жылда өз ара сооданын көлөмү үч эсе көбөйтөлү деп макулдашты. Кытай, Хунун айтымында, Пакистан менен Индия ортосундагы талаштуу Кашмир чатагын жөндөөгө активдүү катышмакчы.

Президент Ху Цзинтао жекшемби күнү мекенине учуп жатканда, Лахордун аба майданында аны Кытайдын жана Пакистандын желектерин булгалаган калың топ узатып турду.

Шаңдуу узатуу Бээжиндин узактан берки экономикалык жана аскерий колдоосу үчүн көрсөтүлгөн сый-урматы болду.

Бул Кытай президенти соңку он жылда Пакистанга жасаган биринчи визит. Ху Цзинтао 25-ноябрда Исламабадда билдиргенге караганда, эки өлкөнүн стратегиялык кызматташуусуна эч кандай жагдай тоскоол боло албайт:

-Пакистан менен Кытайдын мамилеси келечекте дагы өнүгөт. Эки өлкө саясый, экономикалык, аскерий, илимий жана технологиялык тармактарда кызматташып жүргөн, келечекте башка дагы багыттарда кызматташмакчы. Мындан эки өлкөнүн эли пайда көрөт.

Андан бир күн мурда Ху эки өлкө беш жылдык эркин соода келишимине кол койгону жатканын, анын негизинде өз ара соода үч эсеге өсүп, 15 миллиард долларга жетээрин маалымдаган.

Макулдашууларга ылайык, Пакистан менен Кытайдын аскерий алакасы дагы тереңдейт. Атап айтканда, эки жак учактарды эртелеп эскертүү жана контролдоо системасын, аскерий максатта колдонулуучу электрондук жабдууларды жана байланыш технологиясын чогуу өнүктүрөт.

Бээжин ошондой эле Исламабаддын ядролук энергия программасына көрсөтүп жаткан көмөгүн мындан ары да уланта берет. Буга дейре Кытай Пакистанга бир ядролук реактор куруп берген жана учурда экинчиси реакторду курууга жардамдашууда.

Кытай, Хунун айтымында, Пакистан жана Индияны жоолоштурган Кашимир чатагын жөндөөдөн четте турбай ”конструктивдүү роль” ойномокчу.

Кытай лидери Пакистандан мурда Индияда болгондо, эки жак өз ара сооданы эки эсеге көбөйтүп, 2010-жылга 40 миллиард долларга жеткирели; 1962-жылдан бери келаткан Кытай-Индия чек ара талашын жөндөөнү тездетели деп убадалашкан.

“Эгер Индия жана Кытай соода жана бизнести өркүндөтүү боюнча тийиштүү кадамдарды жасаса, 21 кылым Азияныкы болот”,-деген президент Ху Цзинтао Мумбайда сүйлөп.

Амирбек Усманов

XS
SM
MD
LG