Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ӨЗБЕК КАЧКЫНДАРЫНЫН АБАЛЫ ООР


2005-жылдын май айындагы Анжиян окуяларынан кийин Кыргызстанга келген өзбек бозгундарынын абалы оор бойдон калууда. Маалыматтарга караганда, алар социалдык-экономикалык жактан чоң кыйынчылыктарга дуушар болууда. Өзбек качкындарынын айтымында, алардын коопсуздугу да бүгүнкү күндө опурталдуу.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда бүгүнкү күндө 114 өзбек качкыны катталган. Алар негизинен анжиян окуяларынан кийин дароо куугунтукка алына баштаган оппозициянын өкүлдөрү, укук коргоочулар жана журналисттер үй-бүлө, бала-бакыралыры менен. Өзбек качкындарынын айтымында, азыр Кыргызстанда 350дөн ашуун алардын мекендештери расмий каттоосуз күн өткөрүүдө. Катталбаган бозгундардын басымдуу бөлүгү учурда Бишкекте, бир бөлүгү Ошто. Алар негизинен кара жумуштарды аткарып, жалданма иштер менен жан багууга мажбур.

Үстүбүздөгү жылдын жай айларында өзбек качкындарынын ичинен бешөө Ош шаарында дайынсыз жоголгондугу алардын көпчүлүгүнүн Бишкеке келе башташына түрткү болду. Өзбек бозгундарын Бишкеке алып келүү иштерине “Адилет” укук коргоо уюму да көмөктөштү. Аталган уюмдун маалыматтарына ылайык, май айынан бери Кыргызстанда беш өзбек качкыны жоголгондугу тууралуу расмий түрдө айтылганы менен, иш жүзүндө 17 өзбекстандык атуулдун бүгүнкү күнгө чейин дайыны жок.

Учурда Бишкекте жашап жаткан өзбек качкындарынын айтымында, алардын бүгүнкү күндөгү абалы өтө оор. Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча башкармалыгынын Бишкектеги кеңсесинен аларга көрсөтүлгөн гуманитардык жардам жетишсиз.

Кыргызстанга башка өлкөлөрдөн келген качкындардын катарында өзбек качкындарына да бул уюмдан бир адамга үч айда бир ирет 4 кг кант, 4 литр май, 10 кг ун жана 10 кг күрүч берилип турат. Андан сырткары, бир адамга үч айга 470 сом бөлүнөт. Акча каражатынын тартыштыгынан жана Бишкекте батирди ижарага алуу кымбат болгондугунан, учурда Токмок шаарында жашап жүргөн өзбек качкындарынын бири, 1989-жылдан бери оппозициялык “Бирлик” партиясына мүчө Тогбай Раззаков экономикалык кыйынчылыктардан тышкары, коопсуздук маселеси да алардын көйгөйлөрүнүн бири экендигине төмөнкүдөй токтолду:

"Азыр биздин тамак-ашыбызга да акча жетишсиз. Тамак жасап жегенге май, макарондон башка эч нерсе жок. Бишкекте батирди алуу өтө кымбат. Жок дегенде 150 доллар керек. Ошондуктан, мен азыр Токмокто жашап жатамын. Бул жерде батирде жашаган үчүн акча азыраак төлөйсүн. Бирок, азыр мени бул жерден да, жарык, газ үчүн төлөбөсөң, чык деп атышат. Төлөйүн десем, акча жок. Өзүм 60 жаштамын. Мен үчүн мындай жашоо өтө эле түйшүктүү болуп жатат. Кайсы жака бараарымды билбей алдым. Анын үстүнө артыбыздан аңдып, коркутуп-үркүткөндөр да бар. Мен мындай нерселерди өз башымдан өткөрүп жатамын. Эмне кылуу керектигин билбей да калдым".

Биз сүйлөшкөн айрым өзбек качкындары ата мекенине кетүүдөн баш тарткандыгы үчүн, же кайсы бир маалымат каражатында Ташкендин азыркы режимин сындаганы үчүн алардын Өзбекстанда жашаган туугандары да куугунтукка алынып жаткандыгы жөнүндө айтышууда:

"Мен буга чейин бир эки чет элдик маалымат каражатына Озбекстандагы азыркы абал, адам укуктары боюнча өз пикиримди айттым эле. Андан аз өтпөй эле, менин бир тууган карындашым, жашын көлдөтүп мага телефон чалыптыр. Экинчи интервьюларды бербей эле койчу, биздин турмушубузду да ойлоп койбойсуңду, деп. Ошондон бери интервью берүүдөн баш тартып жатамын", -дейт өзбекстандык качкын Гафур Юлдашев.

Кыргызстанда жашап жүргөн өзбек качкындарынын дээрлик баары өз мекенине азыркы саясий режим алмашып, демократиялык түзүм орнотулгандан кийин гана барышаарын, ага чейин чет жерлерде жашоого мажбур экендиктерин билдирип жатышат. Бул жөнүндө Анжиян окуяларынан кийин Бишкекке келүүгө аргасыз болгон өзбек атуулдарынын бири, “Бирлик” партиясынын өкүлү Акборалы Орипов мындай дейт:

"Биз эми Озбекстандагы азыркы саясий режим өзгөрүп, өлкөдө демократиялык түзүм орнотулмайынча, мекенибизге бара албайбыз. Бирок, качандыр бир биздин мамлекетте да чыныгы демократия орноп, адамдар ээн-эркин өз ой-пикирлерин айтып калышаарына ишщенебиз. Ага чейин ушинтип, чет өлкөлөрдө жашоого мажбурбуз, башка арга жок".

Учурда БУУнун Качкындар башкармалыгы тарабынан качкын макамы берилген 40ка жакын өзбекстандык атуулдун чет өлкөгө кетүү боюнча арыздары аталган уюмдун тиешелүү комитеттеринде каралууда. Бирок, башкармалыктын Бишкектеги кеңсесинен билдиришкендей, өзбек качкындарын кайсы өлкөлөр кабыл алаары тууралуу азырынча белгисиз.

Айрым маалыматтарга караганда, 2005-жылдын май айындагы кандуу коогалаңда Кыргызстанга Өзбекстандан 800 дөн ашуун бозгун келген. Алардын ичинен 400дөн ашууну үчүнчү өлкөлөргө, адегенде Румынияга, андан соң, АКШ, Канада жана Австралияга өткөрүлгөн.

Азиза Турдуева, Бишкек

XS
SM
MD
LG